КЫРГЫЗСТАНДЫН ҮНҮ / САЛАМАТ САДЫКОВА / МИРЗАМАТОВ ВЛОГ
Баарыңарга салам, достор! Бул Мирзаматов Влог. Бүгүн бизде кызыктуу конок: Кыргызстандын Эл артисти, Казакстандын Эмгек сиңирген артисти, Бүтүндөй бир элдин үнү жана Кыргыз Золушкасы - Саламат Садыкова.
Инстаграм: instagram.com/mirzamatov....
Алып баруучу: instagram.com/nurlan_mirz...
Конок: instagram.com/salamatsady...
ТАЙМ-КОД
00:00 - Интро
00:36 - Башталышы
02:04 - Конок менен таанышуу
03:48 - 1995-жылы Американец издеп келген
05:40 - Азыркы жаштар өсүүнү көрсөтүштү
06:28 - Ырыңыз гимн болушуна аз
11:33 - Ала-Тоо - чыгармасы
13:30 - Билерман болгондорго жооп
16:03 - Эмне үчүн бул ыр гимн болбой калды?
20:00 - Чыгармачылыктагы цензура, Японияга сапар
26:52 - Өрүк зарга кетели - чыгармасы
29:28 - Адамга 70 өнөр аздык кылат
35:10 - Чыңгыз Айтматов менен таанышуу жана Европага сапар
45:50 - Музыканы укан адам эч кимди жаман ойлобойт
48:15 - Элдин алдында Ала-Тоо дегеним үчүн Филармониядан кетиришти
52:16 - Чет өлкөгө барып (Кыргыз Музыканын Ханышасы) болдум
58:38 - Паризат - чыгармасы
1:01:51 - Чет өлкөдө Дива Саламат деген концерттерди бердим
1:03:54 - 60 жаштан ашып психология эмне экенин билдим
1:05:49 - Азыркы учурдагы чыгармачылык индустрия
1:09:11 - Японияга сапар
1:13:17 - Күлгүн жаш - чыгармасы
1:19:18 - Күйөм ырдаганыма каршы чыккан
1:35:40 - Энеликти жана чыгармачылыкты кантип тен салмакта алып кеттиңиз?
1:43:14 - Мен журналист эмесмин - Нурлан Мирзаматов
1:48:40 - Балдарды тарбиялоодо негизги катачылыктар
1:57:55 - Ынтымак - чыгармасы
2:02:48 - Кичинекей кездеги жашоо, Ата-энени жок өсүү
2:08:20 - Үйдөн качып чыктым, ушул күнү же өлөм же калам - дедим өзүмө
2:18:50 - Ата-эненизди эстейсизби
2:25:25 - Жашоодо эң маанилүү эмне деп ойлойсуз
2:30:32 - Аудиторияга кайрылуу
2:33:00 - Кызыл гүл - чыгармасы
#lightspodcast #мирзаматоввлог #саламатсадыкова
Про такую легендарную женщину нужно срочно снять фильм,про ее трудное детство ,про ее триумф за границей,про ее мудрость ,про всю ее жизнь. Срочно передайте Руслану Акуну
Да да да
Туура айттыңыз,кошулам❤
Туура, легендаларды козу тируусондо баалап алалы.
@@zeyno897.б......б.б...бб.б.ббб..б
Анна Герман жөнүндө тартылган кинодой десеңиз
Мына, маданият кызматкери, Эл артисти деген ушундай болуш керек. Сүйлөгөн сөзү ордунда,мазмундуу, жалпы элге үлгү болгудай. Азаматсыз, Саламат Садыкова!
Суйлогону маанилуу жана салмактуу.
ЙйФ00000
Саламат эжеке жандуунун журогуно журогуно эргуу гана бербестен бул кишинин ар бир оозунан чыккан созунон сабак алуу мн бирге тарбия да аласын.Ошондуктан ушундай баарлашуулады кобуроок чыгарсанар жаштарга сабак болмок.Саламат эзенин создорун кайта кайта уккум келип сактап алгам го
Кандай гана керемет маектешүү! Саламат айымдын бейнесин ачып, биз билген бийик деңгээлинен дагы жогору көтөрө алды! Кыргыздын бай тилин, терең маданиятын, даанышмандыгын дагы бир жолу көрдүк! Аман болуңуз, узак жашаңыз! Келечек муундарыбыз сизден үлгү алсын!
"Кыргыз тили- Саламат эженин тилиндей,кыргыз үнү- Саламат эженин үнүндөй".Бар болуңуз,эжеке.Өтө-өтө баалайм
Кыргызстанды сагын ганымды ушул Саламат эженин ырынан кийин сездим ыйлапта алдым эн сонун ыр ❤
Эн туура баа берипсиз.
Аябвй туура айтты.Саламат эжеке сизге таязим. Сиздин биографиянызды даректуу фильм тартыш керек экен. Рахмат.
Баракелде
Кыргыздын өңү Саламат эженин өңүндөй .
Журналист бала эн сонун, жадырап жайнаган, жан дуйносу менен берилип ушунчалык бийик денгээлде алып барыпсын Ишине ийгилик, бар бол балам
Саламат эже ото керемет баардык жагынан!! Коп жашаныз сих кыргыз берметисиз!! Оорубай Ден соодук а болунуз!!
Поивет с Камчатки. Кыргызы берегите ее она ваш бриллиант
Благо Дарю 🙏🙇♀️🥰
Спасибо вам большое!
❤❤❤❤
Цццы́ѳ8@@user-vw4ov8ui6m
Просто супер ❤
🎉Саламат Садыкова кыргыз элинин ханышасы ,создору шурудай тизилип даанышман ❤
Какая красивая многогранная речь, послушала с наслаждением.Браво вам!!!
Ото сонун маек,кайталап,кайталап коро турган. Ведущий бала да жакшы алып барат эккен.кудайым эле колдосун❤❤❤❤❤
Эженин ырдаганы, уккун эле келет . Суйлогону накта кыргызча Браво 👏 👏
Саламат Садыкова кыргыз маданиятынын жүзү бар болунуз
Мындай сүйлөп бере албайт азыркы ырчылар, жан дүйнөмө бир нерсе орногонсуп калды!
Ар бир сөзүнөн таасирлендим.Кандай гана уккулуктуу❤
Саламат Садыкова турмуштун кыйынчылыгын женген ,козу жетик ,акылы тетик ,соз баккан ,адабий тилдуу ,коп кырлуу суйлогон ,ото адамкерчиликтуу ,копту коргон соз байлыгы жогору ,уну ,ыры менен алдына адам салбаган ото кичи пейил, жонокойлугу менен элге таанылган акыл эстуу мен сыйлаган инсан❤
Улуу муундардан интервю алып ошол адамдардын баскан жолдорун жаздырып жаткан силерге чон рахмат дагы дыгы Саламат эжекенердей Туголбай байкенердей болгон кыргызымдын очпос таланттарын жаздырып калсанар рахмат силерге бар болгула
Саламат Садыкова кыргыз элинин сыймыгы. Сиздин кыргыз элине жасаган эмгегиңиз, чыгармаларыңыз жана керемет үнүңүз өчпөйт. Саламат Садыкова кыргыз элинин ханышасы, улуу, сулуу айымы. Сиздин ырларыңыз жан дүйнөнүн азыгы. Улуу өнөрдү аркалап, дүйнөгө кыргыз элин, өнөрүн таанытып келесиз. Сизге таазим. Бар болунуз. Бул берүүнү уюштурган Мирзаматов влог каналынын жалпы жамаатына да терең ыраазычылык билдирем.
Кыргыздын канышасы Саламат. САДЫКОВА НЫ МЕНДАГЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮЗДҮ БАЛАЙМЫН СИЗДИН ИШИНИЗГЕ ИЙГИЛИК КААЛАЙМЫН
Сиз Кыргыз элинин Примаддонасысыз өмүрүнүз узун болсун. Ден соолугунуз чын болсун❤❤❤
Саламат Садыкова - улуттун сыймыгы ! Адамдык касиети менен таланты төп келген инсан !
Саламат эженин " Кыргыз Жери" укканда козго жаш тегеренет , эрте менен радиодон берчу, Атам,Апам, айылдагы эч нерседен кабарсыз, бейкапар, бактылуу балалык кундоруму эске салат😢😢😢😢😢😢 Жашоомдогу эн сонун коз ирмемдер ушул ыр менен байланыштуу.... Саламат эже , бар болунуз , коп жашаныз!!!
Ооба менин да ата энем жайкысын эшикте соорудо укташчу эртен менен Саламат эжебиздин уну менен уйкудан ойгончу элек Ата энем ыраматылык небере кызынын атын Саламат деп койушкан.Бар болунуз эжеке кылым каарыта жашаныз 🎉🎉🎉
97😮😅😊@@user-nc2fu8kz2z
Кайфанула,поплакала, горжусь ею, классный эфир, побольше бы таких подкастов, мурашки по коже,молодцы ребята ❤❤❤!!!!👍👍👏👏👏👏👏👏👏
Саламат Садыкова кыргыз тилинде ото таза сонун суйлойт экен, соз байлыгы кенен экен, суктанып мен да оз тилимде ушундай суйлогонго оболго болду❤
Агылып,төгүлүп маек бергениңиз,кийинки жаштарга жомок дагы,мектеп дагы. Руханий шоола,нур,жарык чачып,бар болуңуз эже💜😘
Кыргыз дан чыккан чыккычы нарынды жамандаган
Саламат Садыкова кыргыз маданиятынын жузу. Суйлосо дем албай угасын, ырдаса журок толкуйт. Керемет айым, бактылуу жашоо жана чыгармачылык бийиктик каалайм. Алып барган жигитке да рахмат. Германиядан салам.
Саламат Садыкова очень грамотная, мудрая женщина ❤ философия зашкаливает ❤
Саламат Садыкованы жай эле ырчы катарында билчумун ,силердин жеткизген Саламат эжени таанып кандай бай адам экенин коруп,суйлошкун эле келтирген адам экен.Созундо шугурчулук ,журогундо нуру бар адам катары ачыптырсынар !алпаруучу ото сапатту суроолорду даярдаптыр !❤
Мирлан сиз мыктысыз, ушундай адамдарды чакырып… өркүнүнүн өссүн!
Не деген талант,не денен мукамдуу ун.Саламат Садыкова нагыз примадонна экен.Кыргыз элинин жузу го.
Бах чиркин ушундай берилип тажабай кордум ,омурунуско береке ❤❤ ишинерге береке❤
Колдо бар алтындын баркы жок дегендей , Саламат Садыкова эжекебиздин жашоосун да тируу кезинде кийно тартса болчудай , история тейлинги ото керемет экен !"Дуйнону кезип ырдаган бриллиант» 💎💎деген кинофильм тартыш керек экен ! Биздин рижисорлор Гапыр агайдын история трейдингин тарткандай эле сынары! МаашАллах 🌹 Саламат Садыкова озунун жашынан алда канча,жаш корунот , и кыргыздын накта нукура ,кыргыз тилинде, ото керемет китептегидей суйлойт! Сиздин талантынызга таазим! Омурунузго Аллах таалам береке берсин ! Кыздарыныз да бактылуу болсун!💕🌹
100% кошулам
Саламат Садыкова эже Кыргыздын залкар ырчысы !! Ден соолук эже ырдап журо бериниз.🎉❤
Саламат Садыкова Камбаркандын жүзү! Ден соолук берсин кудайым!
Койчу ай бутун Кырг дын, казак элинин сыймыгы дечи ичини кенири кылып
@@user-qx3xq3of9q👍🏻👍🏻😂😂😂
Кутман Кун, Казахстан баалаганына рахмат,аяабай илимдуу эже,мээнеткеч,бактылуу карылык, Кыргыздын сыймыгы болуп журо берин!❤
👏👏👏👏👏👏👏👏💐💐💐💐💐💐💐💐💐💐💐 көздөн жаш тегеренет ко чиркин бар болуңуз Саламат Садыкова эжебиз бар болуңуз чың ден-соолук узун өмүр каалайм!
Кыргыздын легендасы эжекем 🎉
Саламат эженин колунан туз татып жана балдарым менен уйундо баш калкаладым эле, эже абдан боорукер адам, мени " сулуу келин" деп койчу эле, сизге чоон рахмат, коп жыл отту, балдарым чонойушту, уй булоолу болушту, баары артта калды!
Эмне деген ,уулу инсан жан дуйнону коргошундай ээритип, балкытат суйлоп отурса .Создун каймагын калпын терип суйлот. Таазим сиздерге❤❤❤
Алып баруучуга ракмат ушундай улуу инсанды сыйлап чакырганына бир суроо берип оюн болбой угуп отурду ото сонун саламат эже бар болунуз менин атам да сизди аябай баалачу ырчы болсун саламатай бол деп сизге бактылуу карылык каалайм бар болунуз
Кыргыздын легендасы,примодоннасы менен мыкты таарыхта калчу маек болуптур.Кайра кайра кордум.❤Омурлуу болунуз !
Саламат Садыкова эжебиздин өнөрүнө таазим, өзүмчө эле аябай ыйладым.Ар биз сөзүнүздүн орду бар, кандай кеменгер адамсыз! Өмүрүнүз узуун болсун, дөөлөттүү карылыкты көрүнүз, подкастка чакырган Мирзакматовго дагы рахмат чон.
Жон эле суугарылдым го. Саламат Садыкованы угуп эле отургун келет. Ырларын угуп ырахат алдым❤❤❤
Оркунун оссун!!! Бар бол Саламат айым!! Эки сааттан ашык болду , эч жакка жылбай кызыгып уктум. Эми кыздарындын сый-урматында журо бер !! Аман бол!!!
Улуу муундун эн кымбат инсандарынын бири. Созү ,өзү , үнү да сулуу айымыбыз биз сиздерге тенелебиз,үлгү алабыз. Кыргыздын кыйын адамдарын өз убагында даңктайлы. Кыргыз деп жүрөктөрү,көздөрү күйгөн адамдар. Бар болунуз,эжеке!!!
Жыргап көрүп отурам,рахмат журналист балама,Саламат Садыкова улуттун сыймыгы.
Ушундай эргүү менен уктум, бир дагы маегин калтырбай угуп келем.Чын жүрөктөн жактырам ❤ биринчи жолу 2сааттан ашык маек угуп жатам.Кыргыздын сыймыктары көбөйө берсин 👍👍👏👏👏
Бар болунуз Эжекебай!!! Вы такая мудрая,нежная,здоровья и счастья Вам,Саламат эжеке!!!
Эмне деген адам бул Саламат эжебиз . Аябай маданияттуу , аябай чон денгээлдеги ырчы айым экен . Коптон бери корбогондон маектерин сагынып калыппыз. Бар болунуз Саламат эже, ден соолукта болунуз , коп жашаныз.
Diva Salamat .Bravo 👏🏻👏🏻👏🏻💐💐💐 Саламат Садыкова бүт тарабынан өнүкөн инсан экен. Ораторлугуна баа берип, суктанып жүрөм. Бар болуңуз Саламат эже!
Кыргыз жүзү Сүймөнкулдун жүзүндөй демекчи, кыргыздын салттуу, нукура үнү Саламат Садыкованын үнүндөй десем болот! Балалыгыбыз Саламат Садыкованын жогоруда өзү белгилеп кеткен ыры "Кыргыз жери" ырын угуп, ага таасирленүү менен өттү. Жаныдан күн тийип, күн нурлары терезеден тийип баштаган кезде ТВдан ушул ыр жаңырчу, күн сайын! Жылаажындай, коңгуроо үндүү Салам Садыкованын ушул ыры туулган жерди, мекенди сүйүүгө, анын ыйыктыгын билүүгө бизди тарбиялады десем болот. Асыл адамдын сырты да ичи да жакуттай жаркырап турат экен, бул биздин асыл, булбулдай таңшыган ырчыбыз тууралуу кино тартса болчудай. Чыгармачылыкта опол тоодой салмагы бар, өзгөчө из салган Саламат Садыкова бар болсун! Сиз кылым жашаңыз, биз сизди сыйлайбыз, урматтайбыз!
Тарыхта калчуу интервью болуптур, ваааах кандай сонун керемет «Авазыныз» бар! Азыркынын Курманжаны, Каныкейи,КызСайкалы❤
Ото керемет,Кыргыздын жузу,кеменгер инсан,создору журогундун жыртыгын бутойт.Саламат Садыкова кыргыз шоу чойросунун ханышасы!🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Супер 💥 Бриллиант эжебиз❤❤❤❤❤ Ийгилик жолдосун дайыма, Ден соолук суйуу гармония каалайм
Вааау мен куткон беруу Саламат Эжени туну куну эле угуп отургун келет отто акылман мыкты талант❤🎉
Азаматсын Таластын биздин келин Саламат айым!! Унуно береке !!! Бар бол!! Аман бол!!! Эн сонун ырдадын!! Жыргап угуп отурдум!! Бардык баага татыктуусун сулуу айым!!!! Бир чети бизге кудагый болуп калдын Саламат айым!!!
Саламат эже омурунуз УЗУН БОЛСУН, СЫЙМЫКТАНАМ СИЗ МЕНЕН 😊
САЛАМАТ САДЫКОВАГА АМАНДЫК КААЛАЙМ. КЫЗДАРЫНЫН, НЕБЕРЕЛЕРИНИН БАКТЫНА ДЕН СООЛУКТА,БАКТЫЛУУ КАРЫЛЫКТЫ СУРСУН.САЛАМАТ ЭЖЕ, КЫРГЫЗ АЯЛ ЗАТЫНЫН ЖУЗУ.
Саламат Эже Кудайым омур ырыскынызга берекесин берсин!!!Талантыныз ташкындап Колунуздан комузунуз тушпой шаншый бериниз!!!
кандай үн, кандай мыкты, таланттуу эже, ийгилик сизге! маекке чон рахмат
Кандай гана келбеттуу,биздин Ханышабыз.Канча куугунтукка кабылса дагы өзунун таланты менен даназаланган мыкты аял экен. Тируусундө данктайлы молодец эжекеси бир дагы орус тил кошпой Нукура кыргызча суйлөп берди.👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻Өмурунуз узун болсун.
Кандай сонун маек, Саламат Садыкова биздин тирүү легенда. Ырдаса ырын, сүйлөсө сөзүн уккан сайын уккуң келет. Ушундай адамды чакырып, маек алганыңызга чоң ыраазычылык. Кадимкидей жан дүйнөм эс алып, жыргап уктум. Чыгармачыл инсан деген ушундай болсо, төгөрөгү төп келип, сөз байлыгы, кругозору кенен, жан дүйнөсү бай.
Мен Москва шаарынан коруп жатам Саламат эже кыргыздын жузу❤❤🎉🎉
Саламат эже, жаш кезинде чачы кариа болчу, ырдайлы достордо алып барып жургонун теледен коргонум бар эле
Саламат Садыкова, азаматсыз кыргыздын алтын кызы.Уну абдан сонун дайыма жап жаш сулуу
Саламат Садыкова эжеге Кыргызстан 🇰🇬 суусап калган экенбиз 😍😘😘бир чоон отчеттук консерт бериниз кутобуз сизди чыдамсыздык менен!!!!!!🙏🙏🙏🙏👏👏👏👏🇰🇬🇰🇬🇰🇬✊✊✊🌹🌹🌹🌹🌹Кутобуз сизди чоон Филормониядан 🌺🌺🌺🌺🌺
Саламат эже азамат философ ырчы ааламга кенен ой жугурткон коомго элге улгу болучу адамсыз эжэ жолунуз шыдыр узун омур тилейм сиз акыл зергер кишисиз бар болунуз
Баракелди тубаса талант!!! Мен Мирландын суктанганын коруп озумчо суйунуп коруп жаттым Аман болунуз Саламат эже!!!
Эже керемет ырдай да, сүйлөй да билет.Эн башкысы ден-соолукта аман эсен журсун❤.
Эки доордун ЛЕГЕНДАСЫ! Биз балагыбыз да сиздин ырларыныз менен отту.Жана азыркы орто жашыбызда да сиз менен замандаш болгонубузга сыймыктанабыз.Ошондогу эксклюзив мегалардан эле.Озу айткандай кунуго радиодон, теледен корчуубуз!!Бар болунуз!!👏👏👏👏👏👏👏👏⚘️⚘️⚘️⚘️⚘️⚘️⚘️
Менимче дагы барлашса болмок ,дагы көп нерселерди уксак боло эле ,бир демде угуп кайф алдым😅,Саламат Садыкова сизге ден сооолук ,өмуруңуз узун болсун 🤲🏻.Ушундай атту-баштуу Кыргызстанга салымын кошуп ,атын чыгарып ,издери калып келе жаткан инсандардан көп маек ,сабак алып калалы 🙌 MirzamatovНурлан ийгилик сиздерге ,дагы да улуу инсандардан жаш көз карашта барлашуу алып турунуздар 🤲🏻👏🏻👍💗
Я очень горжусь сыном!!!
👌👍🙌✊💪
❤
Журналист баланын өмүрү узуун болсун ❤
Очень грамотный парень молодец!
Сонун ❤ Саламат эжекени атам (раматылык ) аябай сүйчү эле ! Апам чычалап эле калчу 😊 Сөз багып сүйлөгөн , аябай таланттуу эже . Өмүрүңүз узун , ден соолугуңуз бекем болсун !
😂😂
Менин атамдын суйуп уккан ырчысы! Бар болунуз, узаак омур жашаныз! Ото кызыктуу маек болуптур! Алып баруучу балага да рахмат, ишине ийгилик!
Тогорогу топ келишкен бактылуу аялзаты!Кыргыздын Сыймыгы!Улуу муундардын эн башында турган соз баккан,ото ото маданияттуу сизсиз❤❤❤ Кооп жашаныз кыздарыныздын жакшылыгын коруп доолоттуу карылыкта омур сурунуз!Сизди коралбагандарга конул бурбаныз Сиз алдыдасыз!❤❤❤❤
Подкаст номер 1 болду го ишине ийгилик эжеге бекем ден соолук❤
*/,
Алып баруучу бала жакты соонун жылмайып кулгону бар бол иним.
Азыркы ырчыларыбыз убакыт отуп Саламат эжекебиздин жашына жеткенде ушундай денгеелде суйлой алышат бекен деген ой келди
Алар укол алган жерлери шалпайып таанылгыс болот😂😂😂
Саламат Садыкованын ырларын 1988-89 жылдары аябай суктанып укчумун. Маданияттуу, сөз байлыгы өтө бай, жылдыздуу ырчы. Мен сиздин ырларынызды суктанып угамын. Өмүрүңүз узун болсун. Сиздин чыгармачылыгыңызга бут тоскондор - балким ичи тар, көрө албаган адамдар болсо керек. Сиз кыргыз элигин булбулусуз! Үнүңүз ушунчалык жагымдуу.
Кандай сонун талант кыргыздын муза королевасы
Саламат эжем, сабырдуу эжем, салмактуу эжем, барктуу эжем, нарктуу эжем, салттуу эжем, адамкерчилиги артыкча, боорукердиги чексиз, сезими сергек, ашыкча ак көңүл, пейили кенен, түшүнүгү терең, кечиримдүү, таланты ташкындаган, изги табияты, көтөрүмдүү, кечиримдүү, өзгөчө эжем, бар болуңуз. Ден соолугуңуз чың болуп, узаак өмур сүрүңүз. Убактым өтө тар болгонуна карабай, ушунчалык ынтызарлык менен, укмуштуудай тамшануу менен, эргип уктум бул маекти. Таланттуулугуңүз, сабаттуулугуңуз эң сонун таасир калтырды. Сизге жакшылык, ийгиликтерди гана каалайм. Сизге Жараткан дагы да ак батасын жаадыра берсин. "Бул үн менен Кудайды даңкташ керек"деген сөз өтө маанилүү. Зиректигиңиз, кылдатттыгыңыз, чыдамкайлыгыңыз, эмгекчилдигиңиз дагы да чексиз эле көбөйө берсин. Сизге ааламда болгон жакшылыктардын баарын каалайм. 😘😘🙏🙏🙏
ото сонун майек топуктуу еже екенсиз ак конул ичи кенен рахмат жакшы создорунуз учун кооп жашаныз ден -соолукта болунуз ото кубанчтуу менен уктум кордум азаматсыз сонун каало сонун создор бар болунуз рахмат ежеке сизге ден-соолук кооп жашаныз
Суйлогонун угуп эле отургун келет, бар болунуз талантынызга таазим
❤Нукура талант Кыргыз элин таланттуу ,сыймыктуу кызы Саламат Садыкова .
Азаматсыз Саламат Садыкова! Москвада бир дем мн кордум го👍 Уну, кебетеси, келбети, баскан турганы топ келишкен , легенда эжебиз го) Заман мн кошо оскон,акылы тунук, кайраттуу айым))Интстадан коруп келем, кыздарына, куйоо балдарына, неберелерине кылган мамилеси, камкордугу, мээримдуулугу суктандырат)) Омурунузго береке, кооп жашаныз 🤲Кыргызстандын очпогон жылдызысыз! Чакырган жерден калбай, жаштарга коп-коп акыл кенештеринизди айтып, мотивация берип журо бериниз❤ Мирзаматов азаматсын иним 👍 Каналын 🍋🍋🍋жетсин🤲
Мен Якутиядан коруп отурам, Саламат эже жандуу китеп, Кыргыз Маданиятынын жузу, омурунуз узун болсун, жасалмасыз журот, бар болунуз❤🥰🥰🥰👍👍👍💐💐💐❤❤❤❤
Кандай кызыктуу инсан Саламат эже!!! Чон Рахмат ушул майегиниз учун. Ден- соолук, омур жана Кыргызстанды даназалап журо бериниз!!!❤❤❤
Москвадан коруп олтурам Саламат эже кандай гана керемет ырчы.Кыргызстпндагы жакшы кундор чубуруп коздон отуп,жаш да чыгып😢 кетти.Алып баруучу жигит бактылуу мунотторуну сезип жаттын бекен атаганат.Кандай инсан менен олтурасын.Бар болунуз Саламат Садыкова❤😊
Подкасттын биринчи мунотундо эле денемен муражки кетти жугуруп.Керемет ун эми Саламат эженин уну.апам экообуз коруп отурабыз.Мен Саламат эжеге ден соолук каалайм .Замандаш болуп калганыма аябай бактылуумун.мынча сонун!унунуздон кагылдым!алыскыы Чаткал районунан баарынарга чон салам !Орозонуздар кабыл болсун кутман элим!
Эки оозунан бир оозу ананайын,айланып кетейин дегниниз абдан жакты.❤
Алып баруучу кандай гана позитивдуу инсан экен.Лейлекке жээн турбайбы. Жаша.❤❤❤
Тирүү легенда,керемет инсан.Кыргыз үчүн жаралган музыканын ханышасы.
Сонун подкаст болуптур.Көбүрөөк улуттун уңгусу болгон кишилерди чакырып турсаңыздар жакшы болмок.Эже эми укмуш,китеп окуп турганы билинип турат,көркөм кыргызча сүйлөгөнүнө,кишини алкап турганына суктандым.Керемет.❤❤❤❤
Какой она замечательный собеседник! Весь подкаст вы Нурлан, с нетерпением ждали её историй с улыбкой на лице😊. Это так умиляет... А как она в ногу со временем идёт. Только восхищение. Как она по матерински вам " балам, ананайын" говорила... Это так мило. Вашему каналу процветания! Хотелось бы в качестве гостя увидеть Вас. ( понятное дело, кто то из вашей команды будет " интервьюером"). Всегда интересно биография образованных людей.
Керемет.... Саит Бекмуратовдун Паризаты укмуш чыгарма, жүрөгүңүн түпкүрүнө жетет. ... Рахмат силердин подкастыңарга.
алып барган жигитке да терен ыраазы болдум берген суроолору ото маанилуу оз орду сый урмат менен экен азамат орконун оссун
Мен, Италия олкосундо угуп жатам.Сонун передача болуптур.Саламат унунузго баракелде.Брава!!!
Ото сыйлайм Саламат Садыкова сахнанын Даткасы. Денсоолугунуз бекем болуп омурунуз узуун болуп доолоттуу каарылыкта каалайм. Кайталап кана кордум гооооо❤❤❤❤❤
Саламат Садыкава жуз жашан суйлогон созу бир дуйно ,ыры бир дуйно , соонун браво 👏 журналист жигитке ийгилик
Саламат Садыкова эжебиздин ырдаганы аткаруучулугуна озунчо таазим! Суйлогону озгочо угуп олтура бере турган, акылмандуулугу озгочо, орусча айтканда мудрая грамотная. Ото сыйлайм, коп жашаныз Кыргыз элинин пешенесине!❤
Саламат! Не верьте тем, кто предавал не раз, Не верьте ни глазам, ни обещаньям, Им просто плохо именно сейчас, А завтра будут-исполнять твои желанья. Простите унижения и боль, За жизненный урок-благодарите, И не жалейте! Отпустите их! Дышите! Верьте! Радуйтесь! Живите!
Вот она поднимет рейтинг передачи
Ассалому алейкум туугандар кандайсыздар?Ээн сонун интервью болуптур ишинизде ийгилик болсун журналист байке! Саламат Садыкова эжеге баа беремин унун кандай керемет,Аллаахым унду,коркту,токтоолукту айтор баарын ченебей берген эже сизге Аллахым ден-соолук берсин!Омурунунузго береке берсин!Кыргыз элинде очпос так калтырдыныз Ала-Тоо ырыныз менен биз миграцияда журуп сиздин ырынызды укканда бизге куч-кубат берип турат.Биз сиздей эжелерибиз менен сыймыктанабыз.Эл ичинде аман болунуз ❤❤❤❤❤!
Мирлан балам ушундай кеменгер, жан дуйносу таза адамдардын маегин уккубуз келет, Асылбек Озубековду да чакырыныз сураныч, ал киши да журогунун торунон сыбызгып чыккан уккулуктуу ырларды ырдайт
Кыргыздын бактысына жаралган легенда❤
Америкадан салам!!! Саламат эженин соз байлыгы ото бай, ото мыкты чыгармачыл адам. Омурунузго береке берсин, Саламат эже!!! Сизден дагы сонун чыгармаларды кутобуз! Бар болунуз!!! Нурлан Мирзаматов-сенин ар бир подкастынды чыдамсыздык менен кутом, сага да ийгиликтер каалайм, бар бол-балам!!! Бактылуу бол!!!
😍😍🙏🙏
Буюрса улантабыз дагы кызыктуу коноктор менен✊✊
Гулмайрам Момушованы чакырсанар,абдан КҮЧТҮҮ ырчы
Ар бир берген маегинизди кором суйунуп❤❤
Кыргызстанды ырларыңыз менен дүйнө жүзүнө тааныттыңыз.Дайыма ден соолукта болуңуз,бактылуу карылыкты Жараткан насип кылсын.Сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн,даанышман ,Кыргызстандын нарктуулугун,каада-салтын кармаган кыргыздын эң мыкты айымы катары баалайм.Чыныгы,тубаса талант деп мен сизди айта алам.
Саламат айымдын концерти болсо уй-булообуз менен барат элек. Ырахат алдым подкасттан, рахмат
Таланттуу сулуу профессионал эжебиз Саламат Садыкова сиз менен сыймыктанабыз❤
Саламат эже талантынызга таазим, алып баруучу жигит да жакшы алып барды. Өсө бер КЫРГЫЗСТАНЫМ!!! МЕН Питерден коруп уктум бар болунуздар!!!
Мактоо жеткирет, чагым олтурот деген сонун макалы бар. Дегеле кыргыздын кандай макалын алсак да турмуштун жашоо эрежесин бир суйломго батырып укум-тукумдарына калтырып кеткени ото бийик философия экени бугунку кундо ачык айкын. Анын сынарындай кыргыздар мактайлы, данктайлы ЖАКШЫЛАРДЫ. УЗАККА БАКТЫЛУУ ОМУР СУРГУЛО САЛАМАТ САДЫКОВА!!!! Ото учурдун талабына жооп бере турган беруу. Авторго чон ырахмат. Терен таазим❤❤❤