“Тентек, эркин болбосок, бизди жасалма интеллект алмаштырат”
OYDO подкасттын бүгүнкү коногу:
«Ololo» компаниясынын кош-негиздөөчүсү Данияр Аманалиев!
Бүгүн биз коногубуздун өзгөчө терең, кызыктуу ойлорунун жардамы менен өтө пайдалуу подкаст жарата алдык. Данияр мырза буга чейин биз уга элек көрүнүштөрдү ачыктап, баяндап бере алды.
Алардын арасында: “Speed dating (тез кезигишүү)”, “Балдардын билимине инвестиция жасоо”, “Тил маселеси”, “Ит багуунун пайдасы”, “Балдардын виртуалдуу дүйнөсү”, “Балдардын кызыгууларын колдоо”, “Муундардын ортосундагы чоң айырмачылык”, “Шартсыз сүйүү”, “Психолог менен иштешүү”, “Туура эмес мотивация” сыяктуу кептер бар.
Андыктан бул подкаст сиздер үчүн кызыктуу да, пайдалуу да болооруна күмөнүбүз жок.
Подкасттын алып баруучулары:
Алып баруучу - Айзада Жамгырчиева.
Алып баруучу, тамада, шоумен - Урмат Борченов.
Таймкод:
0:00 баарыбыз бирдей эле кеңеш беребиз
0:55 speed datingди эмнеге
2:48 жарды кантип тандайбыз?
7:53 дедлайн коюп үйлөнүү жаман
11:05 балдар - чоң жоопкерчилик
12:55 кымбат мектеп эмнеге керек?
14:03 балдары кыргызча сүйлөйбү?
16:11 гаджеттер менен кантип колдонушат?
18:10 ар бирине өзүнчө убакыт бөлөт
20:21 үй жумуштарына кандай
24:25 балдары менен үйрөнүп аткан нерселер
27:06 кызы Айн тууралуу
30:14 балдар менен бир тилде болуу керек
35:03 дота сонун оюн экен
37:21 коммуникациялык технологиялар бириктиреби же алыстатабы?
39:43 жандуу баарлашуу сейрек, бирок кымбат
40:38 салыштырбай шартсыз сүйүү
43:33 сүйүү булагын кайдан табабыз?
45:55 бала инвестициябы?
47:58 өзүңдү сүйүп башташ керек
49:50 Данияр психологго эмнеге барат?
51:22 Ололого кантип келди
52:45 ар бир 40-бала гений
53:48 биз мисал болушубуз керек
55:33 бакыттын рецепти
1:02:11 тентек болуу жашоо үчүн эң маанилүү
Чоң рахмат, абдан сонун подкаст болду. Буга чейин Данияр Мырзанын интервьюларын орусча уккам, өтө кызыктуу, көп инсайт алгам. Бул подкаст кыргыз тилинде болуп, өтө мээримдүү подкаст болуптур, анткени эне тилинде сөз жүрөккө түз жетет экен! Ыраазымын ❤❤❤❤❤❤❤
Кыргызча кептешүү жүрөккө жакыныраак сезилет экен.
Эмиль Умет аганы чакырсанар,мыкты подкаст болот деген ойдомун.
Жакшы инсайттарды алдым,билимдуу,акылдуу адам экен. Кыргызчасы деле жакшы экен,аракетине рахмат.
сонун пайдалуу подкаст болуптур, рахмат Данияр Аманалиевге жана Ойдонун командасына❤❤❤
Инсайттар көп алдым өзүмө ✅
Данияр мырза чон рахмат сизге.Абдан пайдалуу подкаст болуптур.Уюштуруучуларга дагы чон рахмат
Ого. Катуу. Ото жакшы болуптур бул подкаст. Туура адамын табуу бул ото оор. Уйлонуу темасында оз шеригин табуу ото маанилууу
Подсознания-тупку ан-сезим кыргызча....ото сонун маек болуптур.Кутуп Гана коруп калтырбай жатам.Ийгилик
Жакшы паткас болуптур. Кыргыз тилдин жоголуп кетуусу кандай Гана чон койгой экендигин мен бугун сездим, байкени коруп тушунбой, журогум сыгылып, кыйналып уктум😢 Бирок аракетине рахмат дагы жакшы Данияр байке апасы башка улут болгонуеа карабай аракет кылды, бизде ата, энеси кыргыз болуп кыргыз тилин билбегендер даагы бар. 🥺
Данияр мырза таптакыр кыргызча сүйлөчү эмес. Акыркы эки жылдан бери аракет кылып келе жатыптыр. Менин оюмча кыргыз тили жоголуу эмес, кайра жанданууга келе жатат❤
Мага аябай жакты, сонун подкаст болуптур❤ мен дагы балам учун бардык аракетимди кылам🌝
Абдан сонун! Чоң ырахмат!
Абдан сонун тема болуптур,силерге Аллах разы болсун!❤
Сонун, Кыргызстаныбыз биздин келечекти түзүүчү жаш балдар өнүксүн, ата-энелер да өнүгүүсү өсүүсү (балдар менен теңме тең, интернеттен да артта калбай)
Мага кыргыз тилинде сонун маек болду терең ата энелерге сонун кеңештер дагы да кутом
Ото пайдалуу подкаст болуптур 🔥🔥сабак алса болот ❤
Сонун подкаст болуптур👏
Кандай сонун аракет! 😍😍😍
Соонун мыктысынар ❤
Мыкты азаматсынар.
Данияр Мырза 👍👍👍 азыркы замандын кыйыны
Узак мооноттуу убакыт мн ой менен жашасак бактылуу болобуз дегени ,алдыдагы акыретти ойлоп жашасак дегендей тушунукто...
Чынымды айтайын,бул байкенин Кыргызча сүйлөгөнүн түшүнгөнгө аракет кылдым.😊
Мен даагы, угуп жатып кыйналып кеттим.
Соонун эле болду бирок кызыктуу эң негизгиси жеткиликтүү
Мейли, балдары кыргызча сүйлөйбү же сүйлөбөйбү балдары өздөрү чечишсин, бирок балдарын орусча жана англисче сүйлөгөнүн ата-энеси чечип жатат. Ошондо эч кандай деле тандоо болбойт экен да, башка мамлекетке барып жашасын дегендей эле чечим экен
Данияр мырза буга чейин жакшы биле бербейт элем. Көрсө өтө мыкты ойлонгон мыкты ата өтө пайдалуу кеңештерди берди эми биз ошол баалу ойлорду амалга ашырсак экен ар бир кыргыз
Урмат, Айзада Сонун чыгарылыш болуптур. Данияр мырзанын кыргызча маек бергенин биринчи уктум, бали. Сураныч - Бактылуулук рецепти Жана Тентек ( башка мааниде) инсандар керек деген теманы дагы ачыктап чыгаруу керек го. Данияр мырза толук абдан сонун ой пикирлерин жеткиликтүү дагы кылып айта албай калгандай болду. Бирок абдан ойлончу нерселерди айтты. Баарыңарга Рахмат.
Гапыр агай чакыргыла сураныч 🙏🫡
Абдан сонун маек, абдан терең ой жүгүртүлөр, жашоого бөлөкчө көз караш, баарысы сонун болуптур. Жана дагы Данияр аке, адабий кыргыз тилинде сүйлөгөнү өзгөчө кубантты.
Вы должны одного понимать искусственный интеллект,цифровизация-это на самом деле ограничение свободы человека,это оружие глобалистов против человечества.Их девиз:Каждый человек должен думать о себе.Чертовый эгоизм,виртуальный мир.В итоге человек в одиночку попадет эту ловушку.Потому в одиночке управлять им легче..каждый должен анализировать прежде чем принимать такие умные советы в своей жизни.
Гапыр агай чакыргыла сураныч
Мен учун аябай жагымдуу подкаст болду. Кыргызда да Данияр мырзага окшогон генийлер бар экени сыймыктандырат
Бир дем менен уктум го👍
Просто бомба 💣
Очень интересно)))
роскошь кыргызчасы люкс
👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻
Коп инсайт алып атам .
Байке суйлогондо мен кыйналып кеттим 😢оюн толук жеткирген жок
Мендагы,бирок аракет кылып жатат да)
Жеткиреби, жеткирбейби - баалоо, силердин ишинер эмес😉 Силер кыйратып оюнарды жеткирип алчудай болуп айтыптырсынар
Бул байке дуйнолук спикерлердин бири, оратор, бизнесмен,орусча, английсче мыкты суйлойт,а кыргызчаны кайтадан уйронуп келе жатса керек, тушунуу менен кабыл алалы жана колдоп коелу,аткени башка такыр кыргызча суйлой албаган азамат байке эжелерибиз коп Эл алдында жургон👍🏻
@@tunnuwka367 ар кимдин оз ою бар,антип жагалданбайле сенсиз деле куну отуп келген.А мен тарапка айтылган оюду сен чонтогуно сал да отуп кетебер
Кыскасы:Адам болгонуна шугур келтирип,балдарын,Ата -Энесин куноолобой,билим алып,ак эмгек кылыш керек.ЭН БАШКЫСЫ ТИЛИБИЗДИ ЖАКШЫ БИЛИШИБИЗ КЕРЕК,бизди бекеринен кудай улут-улут кылып жараткан эмес!
Ушул башкача адамдын балдары кыргызча билет болду бекен.
Билбейт экен башында айтты уйротуп коюшса болмок экен
Айтып жатпайбы укпайсынарбы!
@@beksultantaalaibek7803 Кетчи ары .
Уулумду кыргызча мектепке эле берейин
Туура кыласыз
Ити экиге чыкпайтко дейм эки жылда 8.же 9.чыктыго
Айзада кайсыл конок келбесин, бир эле суроо бере бересинби? ( Келинчегинизге жардам бересинби, идиш жуйсузбу деп).
😂😂😂
Туура эле сураш керек.
Туура эмеско дейим тилин билбесе ондо иш кылып адам бол дегендей
Сындагандан биринчи, кыргыз тилинде туура, катасыз дагы жазганды билиш керек.
Угуп. Буткончо кыйналдым честно
Жакшы болуптур анда кыйналсанар. Дальше кыйнала бергиле.
Алып баруучулар жасаламасы жок маектешсенер жакшыраак болот окшойт
Нуржигит Кадырбеков агабызды чакыргылачы .
Айзада Олтурганын кантет тобоо сенин тилин эле сайрайт чиркин айалдык назиктик жок 😮
🤦♀️
Турмушка эркектер да чыгабы ээ? Же эркектер уйлонушобу? Турмуш курдук деп койсо жакшы болмок ээ? Тамаша чындап чычалап албагыла ээ 😊
Ооба да, сөздү унутуп калыптырмын, кечирип коюңуз
Айзада сенин унун башкача сени жакшы гором
Ай бул кыздын уну эмес Мужиктики го 😂
Эгер балаңа эне тилин үйрөтпөсөң -кантип ата-энелик тарбия бердим дейсиң? Балаңдын тамыры кайда? Же космополит болсунбу? Космополит - бул дүйнөдөгү жалгызка эң суугарылган адам,
Космополит болом деп атабы? Ойлонуп суйлонуз.
Шартсыз сүйүү бул кыргыздарда болгон нерсе, балким орус көз карашы менен кыргыздарга карап жаткандыр бул байке
Эгерде шартсыз суйуу кыргыздарда бар болгондо, коптогон балдар бактылуу болушмак! Эл эмне дейт деп жашашмак эмес! Жаны нерсеге ачык болуш керек!