Баары акча
Акчаң болсо темирди бурайсың да,
Акчаң жокто арманга кулайсың да.
Акча гана сүйлөгөн бул заманда,
Асылдыктар жөнүндө сурайсың да..
Төрөт үйдө көз ачкан кезиң АКЧА,
Сүйүүң АКЧА, мамиле, сезим АКЧА.
Каректерде көр дүйнө чагылышып,
Карап турган жасалма көзүң АКЧА..
АКЧА менен табышып эки жүрөк,
АКЧА менен махабат кечи күйөт.
Күбүп салып табигый бетибизди,
Бүткүл жерде АКЧАнын БЕТИ жүрөт!
Тагдырлар көп таш менен башка жеген,
Тагдырлар көп чечилген акча менен..
Көргө чейин көрүнбөй коштоп барып,
Көмүп тынат өңдөнөт акча деген!
Ушул акча баардыгын чечип жатат,
Урмат-сыйдын баасы да кетип жатат.
Билимсиздер бийиктеп акча менен,
Бир туугандар бир-бирин кечип жатат!
Көп дүйнө эмес көңүлгө карайлычы,
Көр дүйнөдөн бийикти самайлычы.
Аң-сезимден асылдык орун алып,
Акчаны эмес адамды баалайлычы!
Созу: Бердибек Жамгырчиев
Обону: Нурила
Продюсер-менеджер: 0700644484 Мырзагул
Асыл элим! Кызыныздардын жаны эмгегин кабыл алыныздар. Бердибек Жамгырчиев агамдын «Баары акча» аттуу керемет чыгармасына обон чыгарып,аткарып, сиздедин сыныныздарга коюп отурам. Угуп,созсуз турдо ой-пикир калтырып кетиниздер. А мен болсо сиздердин журогунуздорду элжиретчу ырларды алып чыккандан талыкпай эмгектене берем.Терен урматым менен Нурила!
Нурила эже сизди ардайым колдойбуз сиз эн мыкты ырчысыз сиздин бардык ырларыныз сонун ❤❤❤❤👍👍👍👍👍💖💖💖🥰🥰🥰🥰
Сизге ийгилик калайм аман болунуз дагы коптогон ырларды чыгарыныз💖💖🥰🥰
❤
Соонун чыгарма, азыркы маалдагы болуп жаткан окулялар ушул ырда чагылдырылыптыр. Талантына таазим 💐😘
ушундай ырларды коп чыгаргылачы❤.
Созун жазган акынга ыраазычылык😢😢 Акча уй жай деп балдарымды таштап,сагынып журом миграцияда.Аллахым озу колдосун баарыбызды
Автор акын-мыкты акын Бердибек Жамгырчиев
Кайт уйуно эртенден калбай
Россияда жургон менен Кыргызстанда жургондун айырмасы жок деле экен
Бугун барбыз эртен жокпуз .балдарыныздын алдында эле болунуз алардын чонойгонун корбой эне мээрими тойдурунуз балдарды .Акчаны балдардын алдында таапса да болот
Баланын сагынычы жаман экен, биз да ошентип журобуз😢
Акча деп 16 жыл болду машина устачылык кылганыма муздак темир кармап жылда кышта даарыланам ушул ырын жакты өмүрүң узун болсун,
Алла таала омуруно тапканына берекесинберип ден соолук берсин Намаз окуу
😢
Nurila ijodiyzga omad. Sizni yaxshi koʻraman Oʻzbekistonda xam kuzatamiz sizni 🇺🇿🇺🇿🇺🇿🇺🇿🇺🇿🇺🇿
Сен жалгыз эмессин менда озбекистандык россияда угуп жатам
Рахмат ,бар болунуздар .
1:13 @@sjjdejjswkdjtjeiidjf2056
Акчаң жок болсода , көп болсода адамдык сапат жоголбосун Кудайым баарыбызга таза жүрөк берсин оомиин ❤
Оомийин
Таза журок менен торойун десен акча сурайт,баланы садикке апарсан,мектепке апарсан акча сурайт.пассобия тапшырайын десен дагы сурайт.окууну бутсо универтетке кириши иииииии деги сурабаган жер жок аран окууну бутсо,ишке кириш учун чоон акча керек э баштан баары откон го.
Армияга бекер.@@user-oh7cc1ff6t
Торот уйдо акча деген жери журокко тийди козго жаш келип кетти унуно береке садагасы ❤
😢гордо да акча .
Сонун чыгарма болуптур. Уккан сайын журок ыйлайт. Ырдын авторуна чон ыраазылык билдирем. Акча деп коптон бери Москва да журом.
Баарын акча чечип калган заман😢
👍👍👍👍👍🤍🤍🤍🤍🤍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
Ушул ыр учун акынга жана жеткире ырдаган Нурилага разычылык👍👍⚘️
Акча,акча,акча деп журуп ,омурлор отуп барат. Качан деги акчанын тубуно жеткендер бар бекен? Ден-соолугун болсо,ошол акча. Баарына жетебиз. Нуриланын чыгармачылыгы оркундоп,ташкындап,элине,жерине кызматы арта берсин ананайын! Кыргызымдын кызы ! Аман бол садагам!❤❤❤❤❤❤❤🎉❤❤❤❤❤❤
🎉
Керемет обон ,аткаруу супер!Созун жазган акынга сый урмат!
Ммм менда ко шулам жакшы рыдайте эс классно ырларын угуп
Акчанын тубуно эч качан эч ким жеткен эмес жана жетпейт дагы
@@user-lq5pq1yu2cтттттттттттттттт🎉
Анча мынча нерсени акчага сатып ала албайсын дешет чын чынына келгенде ден-соолугун деле акчага байланыштуу болуп калат экен акчан болбосо докторго да бара албайсын😢
АКЧА менен Сүйүүнү сатып ала албайсың АКЧА менен Өмүрдү сатып ала албайсың
@@user-hb2ri1mu2sОмурду сатып ала албайсын туура акча менен. Бирок суйууну акча менен сатып алсан болот себеби биз азыр акча доорунда жашап жатабыз.
Эгер суйуудо талаш болуп калса акчалуу Адам женип кетет
Акчага сатып алганды билиш кекрек омурдон башкасын бут сатып алсан болот акча суйлогондо чындык унчукпай турат
Акчага даары сатып аласын Ден-соолукту эмес Акчага саат сатып аласын убакытты эмес
Ырдын сөздөрү обонго, обону Нуриланын үнүнө жарашып калыптыр!Мыкты аткаруу!Баракелде🔥🔥🔥
Азаматсын алтын кыз
Казахстанан Салем, Ан отте керемет!
"БААРЫ АКЧА" деген ырдын созун жазган Бердибек Жамгырчиев. Обонун чыгарган. НУРИЛА. Ырдаган НУРИЛА. АЛГА!!!
Уккан эл
@@n4o466 Нурай ичин тарыбасынчы. Атыны озгортуп чыгып Нурила менен Биржанга негатив жазбай кысып журчу.
супер
Аябвй жвкшы чыгарма болуптур.Азамат,ийгилик!!!
@@user-ih2mp1sb5e Ооба дёсен из. Ырдаганы, уну Нуриланын ото керемет, таланттуу кыз турбайбы. Паам парасаттуу, ыймандуу Нурила. Коз тийбесин.
Аябай соонун болуптур маанилүү Аллахым баардык мусульман дарга акыл эс ыйман берсин🤲🤲🤲🤲🤲 бирок чынында азыркы заман ошондой болуп атат 😢🥹🥹
Азамат кызым бактылуу бол
Мааниси ырдын 🔥🔥🔥👍👍👍ушундай ырларды кантип укпайсың анан азыркы как раз болуп жаткан заманга арналган
Жакшы суйлошуп жургон кызынды Апасы акчасы барга берип койсо баары билет турмуштан алып ататта бул Нурила дагы коруп билип угуп журотта.
УКМУШ СОЗДОР Обону да КЕРЕМЕТ. АЛЛАХЫМ ЫРААЗЫ БОЛСУН РАХМАТ Нурила кызым....
Молодец Бердибек Жамгырчиев созун аябай даана турмуштан алып жазыптыр, кандай чындык, керемет, кучтуу создор: ,,БИЛИМСИЗДЕР БИЙИКТЕП АКЧА МЕНЕН, КУБУП САЛЫП ТАБИГЫЙ БЕТИБИЗДИ БУТКУЛ ЖЕРДЕ АКЧАНЫН БЕТИ ЖУРОТ" бул чындык ото окундурот жаштарыбыз ото эле сабатсыз, беттери жасалма.....
Карандашым 👍 аябай кыргыз элинин ичтеги куйутун ыр менен жеткизгенинен ыраазычылык👏 Чыгармачылык ийгилик алтыным💐👍
Азыркы замандын корунушу. Мааниси терен экен. Ийгилик Нурила. Жакшы ырдайсын
Соонун чыгарма екен рахмат сенда аяабай инине жеткире ырдапсын кайра кайра уктум ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
Созун жазган Бердике. Обон жаратып, жеткире ырдаган Нурила. Баракелде!!! Азаматсынар!!! Чыгармачылык ийгиликтер коштосун!!!
Азаматсынар созуно обонуна топ келишкен жакшы чыгарма болуптур калеминер курчуй берсин
Курч жазылган ыр экен! Өтө сонун ыр жаралыптыр! Акчанын кулу болдук, бул ачуу чындык!Молодец Нурила❤❤❤
Ыйлаттын.😢 Бүгүнкү күндүн ойго салчу, ойлондурчу чыгармасы жаралыптыр. Сөзүн жазган мыкты акын Бердибекке да ыраазычылык. Эки талант. Кереметимден кийинки жаңы хит үчүн рахмат.
Нурила өмүрүң узун ден соолугуң чың болсун Чыгармачылык ийгилик каалайм
Мааниси терен, кучтуу ыр болуптур.Чын журогум менен уктум. Молодец Нурила👏👏👏👍
Нурила азаматсын!!! Сонун аткаруу сонун чыгарма, болуптур! Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!!!❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
Молодец Нурила унуно береке,анык жошоодон алынган во болуптур,Аллахым баарыбызга Адамкерчилик берсин.
Ото сонун чыгарма экен. Нурила карындашым талыкпай эмгектене бер сенин унун да сонун кимге болсо да жагат. Сага жашоодо бакыт тилеймин бактылуу бол,тилегине жет!!!
Эң сонун сөздөр, Эң сонун музыка, Эң сонун аткаруу.
Эн кучтуу ыры болуптур 2024жылдын.ийгилик каалайм Нурила❤
Голос бомба, исполнение космос. С ❤ из Каракалпакстана
Нурила кызым талантын ташкындайберсин ааллггаа
Москвада жумушка кетип жатып,кунуно бир жолу угамгоо. Журоктон чыккан ырлар,журокко жетет. Алтын кыз сага ийгилик!❤❤❤
Дәүысы өте жәқсы,ерекше! Бііектен ғана көрініп жұр!
Мааниси ото терен экен,азаматсын клибин кутуп калабыз.Чыгармачылык ийгилик!!!
Ото керемет ушундай ыр угушум керек эле чындыгында ушундай болуп атат жашоо,жазган акынга да,обонго салып ырдаган сага да рахмат 🎉❤
Обонго салып ырдаган кызга,жазган акынга да акча!
Рахмат сага үнүңө береке .Өмүрүң узун болсун.
Рахмат карындашым Алла ыраазы болсун. Чыгармачылык ийгилик сага.ден солукта бол.жараткан Алла колдосун.
Эн сонун мааниси бар экен. Нурила кызым ийгилик сага, кудай омур берсин сага, пейилди эч озгортпо балам🎉
Мааниси аябай жакшы экен! Нурилла коз тийбесин сага карындаш! Сени буйурса апамдын тойунда чакырсам деген ойум бар!
Нурила сиңдим биз сени үй бүлөөбүз менен жакшы көрөбүз.Аллахым ден соолук өмүр берсин жүзүң жарык жолуң шыдыр болсун.Бактылуу бол .🎉
Нурила , азаматсын! Бактылуу бол!!!👍👍👍👍👍🔥🔥🔥
Созу обону айкалышып журоктун тупкурунон орун алган керемет чыгарма болуптур👍🏻👍🏻🔥🔥💣💣 Нурила Бердибек Жамгырчиев баракелде! Мыктысынар!!
Акчаң жок болсо төрөй албай өлөсүң болинсада бул чындык😢
Нурила Бердибек оркунунор осун кудай силерди колдосун
Сооонун ыр экен уккандан такыр тажабай угуп жатам кунуно 100 жолу
Баардык жаман,жакшынын баары (А)-дан башталат. Ийгилик бар бол карындашым ❤
Бул ырдын текстин ото соонун жазган Бердибекке Рахмат чындыкты жазган ал Эми обону да Абан соонун чыгыптыр Нурила азаматсын❤🤲👍🌹
Ijodizga omad opa , Uzbekistandan
Өтө мааниси терең ыр, адам ар күн сайын, адамдык сапатын, наамысын түшүрбөөгө милдеттүү, өнөрүң өркүндөй берсин 🤲
Нурила эже азаматсын бул дуйноодо акчанын аброю жок болсо биздин элибиз уйбулосун таштап чет мамлекетке акча издеп кетпейт болчу
Чыныгы.турмушту.ырдаптыр.азаматсын
Үй бүлөөдөн алысмын Аллаадан сураймын эл журтум мамлекетим тынч болсун Оомин ! Ар бир момун мусульман бир туугандарды Арапа Орозо майрамыңыздар менен !ден соолук үй бүлөөлүк бакыт ынтымак алыста жүргөн мигрантарга ден соолук ,ишиңерге ийгилик табкандарыңар баракалуу болсун АДАМДЫК САПАТЫБЫЗДЫ ЖОГОТБОЙЛУУ !!!
Унуно коз тийбесин,бут жерде тунук,мукамдуу болуп жаныра берсин
Чындыгында бул жалган дуйно акча мн эле болуп калды. Акчан жок болсо Адам эмессин
Сөзүн жазган абабызга таазим ,обонун аткарган Нурила эжебизге өнүгүп өөрчүй беришине тилектешпиз ушундай мааниси жүрөккө жете турчу ыр экен азырга заманга эмес бизге адамдарга тиешелү ,азыр чындап эле адам көңүлүн эмес акчага карап жашап калган адамдардан болуп калдык ,чооң рахмат сизге ушундай чыгарманы ырдап адам көңүлү кымбат экенин эскертип койгонуңуз үчүн ❤❤
Азаматсынар Бердибек Жамгырчиев Нурила ырды кульминация сына деткиресин Алтын Кыз талантынарга тазим,тазим . үнүн элдин үнү
Акча деп алыста журобуз Аллахым тезиреек бутка туруп кыздарыбыздын жанында жашашты насип етсин Амиин
Нурила кызым Сонун обон чыгарыпсын.Талантын онуго берсин.Жараткан сени жамандардан алыс кылсын,,жакшыларга жанаштырсын.Коралбастардан оолак бол.Ийгилик каалайм кызым.Кара-Суудан Турсунбай аван.
Эн сонун ыр болуптур ,Нурилага ийгилик. Оа азыр баары акча , эн туура.
Нурила, мыктысын!!! Китепти да коп окуйсун! Ушунунан жазба!!! 😘😘😘
Создору соонун аткаруучу да жеткизе ырдаптыр калеминиз курчуй берсин ыраазычылык
Эх карачы кандай соонун чыгарма уккансайын уккун келет баракелде унунон сенин Озбекстанда Хамдам болсо Бизде Нурила алга дагы кооп коп хит ырларды жарата бер ийгилик.
Мааниси оло соонун екен молодец автору 👍🔥🔥
Аллахым сенден мин мерте ыраазы болсун эки дуйно бактылуугун насип кылсын фирдаус бейишине измурудан жасалган уйго келечекти жолдошунуз менен жетелешип кирип барын пайгамбарыбыз саллалааху алейхи саламдын шафаатынан Насип кылсын мубарак колдорунан кауухар сууну ичишти насип кылсын эн туура ырдапсыз акчанын айынан келинчегим таштап кетти
Таасирлуу ыр соонун обон соонун аткаруу.Азаматсын Нурила.
Нурила чыгармачылык бийиктиктерди . каалайм. Келечегин кең Айдай сулуу ички Дүйнөдө сулуу .үчүн топ келип жатат❤❤❤❤❤🎉🎉🎉🎉
Эн сонун! Мааниси ото терен, аткаруусу да эн жакшы. Супер!
Ииииий суйом ийгилик коралбастар айта берет денсоолук койчу башкасын
Кандай сонун чыгарма,созуно обону топ келишкен
Нурила азаматсың, өнөрүн өркүндөй берсин ❤🎉
Нурила Аллахым өмүр тынчтык ден соолук берсин ишине ийгилик
Аябай туура жазылган элдин жүрөнүнөн орун алган ырлардан болсун
Нурила азаматсын! Ыр соонун жазышкандай эле бомба ❤. Ийгилик каалайм.
Ырдын автору азаматсыз болуп жаткан учурду аябай чагылдырыпсыз. Браво Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман жылуу сезимдер болсун.
Ушул кызды келечекте ото чон сахналардан кутобуз.🔥🔥🔥
Азаматсын Нурила! Эң соонун ыр жаралыптыр,Бердибек акынга да ийгиликтер болсун.Сөзү аябай маанилүү, таасирдүү жазылыптыр.Өнөрүң өркүндөй берсин.Даңкың Дүйнөгө Дастан болсун ылайым!!!❤❤❤👍👍👍
Эң сонун, тексти жана обону төп келет экен
Обондо, аткаруучуда айып жок сонун! Ырда акча деген создор ашыкча болуп кеткендей болду. Бирок чындык бар созундо. 👍
Молодец ❤❤❤❤❤ Ийгилик, азаматсын 🎉😊😊😊😊😊😊
Соонун ыр экен,чыгармачылыгын оркундой берсин❤
Суйом ийгилик денсоолук башкасын койчу мындай ❤❤❤
Ырдын созун жазган акын балага дагы озуно ден соолук ишине ийгилик болсун талыкпай иштей берсин
Нурила баар бол эч качан унутулпа молодец 👍👍👍
Нурила азаматсың! Чыгармачылык эргүү каалайм.Сөзүнө мукамдуу обон дал келген таасирлүү чыгарма болуптур😢.Эх өкүнүчтүү...
Бомба ыр болуптур. Издеп аран таптым. Ийгилик Нурилага.
Ырдын текстине маани бергениң жакты. Азамат, Нурила!Чындыгында акча баарын чечип калган бул заманда.
Көз тийбесин!
Азаматсын сонун жеткире ырдапсын,чыгармачылык ийгилик каалайм.
Аллахым еки дуйнонун бакытын берген болсун❤
Клип күтөбүз.Бир келген жашоодо үй бүлө,бир туугандар акчага байланбай сый урматта болсун
Азыркы заманды чагылдырган ыр экен,азаматсын Нурила чон чон ийгиликтер жарала берсин👏👏👏
Жакшы ыр экен. Журогум оорудуу.Мен озум Москвда 20жыл болду.
Эн соонун голос дагы да ийгилик шандуу да ырларды кооп ырда ❤❤❤❤❤❤❤❤
Азаматсын! Мааниси терен ыр болуптур! Эки ду́йно́ бактылуу бол!❤🎉
😢😢😢 аябай соонун чыгарма. Ар бир сабында терен маани жатат. Обону да ото дал келиптир. Азаматсын ийгилик каалайм
Азаматсын карындашым,талантын оркундоп,осо берсин!
Сонун чыгарма болуптур❤ Ийгилик Умница 💐
Мындай ыр уга елек екен елем соонун чыгарам соз жок
Бардык ыр саптарың туп туура. Баары 💸💰. Нурила голосуңа, талантыңа, сөз жок карындашым.
❤❤❤ Азаматсың Нурила оркунун өсө берсин!🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉 Абдан соонун обон жана чыгарма 🎉🎉🎉🎉 Рахмат сага даагы да чыгармалар жарала берсин
Сонун чыгарма болуп тур . Ыраазылчылык Акынга .