"Архат" - Казат Акматов | 6-бөлүм | Кыргызча аудио китеп | Рух Азык

2021 ж. 8 Сәу.
46 282 Рет қаралды

Бул романда мен Адилет аттуу табиятынан адамдан артык, сырдуу касиет менен жаралган кыргыз уулунун татаал, бирок максаттуу өмүрүн баяндадым. Төрөлгөндө эле адамдардын адилетсиздигине дуушар болгон бул бала тибет элинин улуу архаты (олуясы) ыйык Миларепанын миң жылдан кийин кайра жаралган түгөйү катары өзүнүн бүткүл өмүрүн жер жүзүндөгү адилеттик үчүн күрөшкө арнайт.
Бир кезде биз, тарыхый шартка жараша, көзү ачыктык, кара сыйкыр, ак сыйкыр, гипноз, левитация (асманда учуу жөндөмү), кайып дүйнө, бакшылык ж. б. сыяктуу көркөм-философиялык ой жүгүртүүнүн баа жеткис мыкты куралдарынан ажырап калганбыз. Нарксыз, кунсуз, кыялсыз, жайдак рух менен жашап келгенбиз. Булардын баардыгын бир гана: «кыялый миф» деген мокочо ат менен тындым кылган элек.
Чындыгында мифтик уламыштар кээ бир учурларда ойдон чыгарылган калп болгон күндө дагы адамдын аңсезимин, ниетин чындыкка чакырып турган накыл сөз эмей эмине? Алар бизге ошонусу менен кымбат! Кыял болсо - өзүбүздөн алдаканча алдыга озуп, кең ааламдан адам баласы үчүн бакыт издеген Зымырык куш эмеспи!
«Архатты» окуган ар бир окурманым мына ушул эки жагдайды эске алса деген тилегим.
Автор
"Архат" - Казат Акматов | 6-бөлүм | Кыргызча аудио китеп | Рух Азык
#архат #рухазык
***
📣Эскертүү❗️❗️❗️
“Рух азык” каналына жүктөлгөн баардык видео материалдарды, аудиокитептерди көчүрүп таратууга же башка каналга жүктөөгө тыюу салынат❗️ Баардык укуктар корголгон©️
***
"Жыландын сүйүүсү" - Жыпаркүл Исабаева
⬇️
• "Жыландын сүйүүсү" - Ж...
***
"Тоолор кулаганда" Чыңгыз Айтматов
⬇️
• "Тоолор кулаганда" Чың...
***
"Чоочун киши" Зуура Сооронбаева
⬇️
• "Чоочун киши" Зуура Со...
***
"Адам болгум келет" Төлөгөн Касымбеков
⬇️
• "Адам болгум келет" Тө...
***
"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыкеев
⬇️
• "Бриллиант жылан" Чолп...
***
"Мунабия" Казат Акматов
⬇️
• "Мунабия" Казат Акмат...
***
"Астра гүлү" Зуура Сооронбаева
⬇️
• "Астра гүлү" Зуура Соо...
***
"Ээсине кайткан роза" Нуржигит Кадырбеков
⬇️
• Нуржигит Кадырбеков - ...
***
"Гүлсарат" Чыңгыз Айтматов
⬇️
• "Гүлсарат" Чыңгыз Айтм...
***
| кыргызча аудио китеп | аудио книга | Кыргызстан | Рух азык |

Пікірлер
  • Аябай соонун бир гана окунучту ата энесине кайрылып барбаганы кыргызстанга келди дегенде уйуно барат болуш керек деп аябай куттум эле бирок окунучту

    @user-lr1ej2cs6o@user-lr1ej2cs6o3 жыл бұрын
    • Оба мен да кутком ,ата алган акчамды кайтарам деген жери бар эле автор ошол жерге кайрылбай кетиптир

      @user-es3xw5mx6b@user-es3xw5mx6b2 жыл бұрын
    • Мен да уйуно барганын,ата энесине жолукканын кутком

      @user-zc9hg4bh4i@user-zc9hg4bh4i Жыл бұрын
  • Уч кун бою тынбай угуп чыктым.Казат Акматов Агайдын жаткан жери жайлуу болсун.Окуган балага ыраазычылык.

    @dilyarazykova6251@dilyarazykova6251 Жыл бұрын
    • Ал жазуучу,качан каза болду?

      @user-cs4sl4eg9q@user-cs4sl4eg9q Жыл бұрын
  • Раматылык Казак Акматов көзү тирүү болгондо, болушунча жолукканга аракет кылмакмын. Укмуш жазылган, мыкты чыгарма экен. Көп нерселерди үйрөндүм.👍👍👍👍👍 Агайдын жаткан жери жайлуу болсун, Аллахым бейишин берсин🤲🤲🤲🤲🤲

    @barsbekermamatuulu8604@barsbekermamatuulu86042 жыл бұрын
  • Ошондо коррупция Тибетде бар экен да Кызыгуу мн уктум Адилет энеси мн жоолугат го деп куттум

    @user-uc1ph9ov2j@user-uc1ph9ov2j3 жыл бұрын
  • Абдан жакты жакшы чыгарма экен

    @Tjh6628@Tjh6628 Жыл бұрын
  • Чоон Рахмат

    @user-wg7zg6eq4w@user-wg7zg6eq4w6 ай бұрын
  • *Аябай мага жакты☺ рахмат сиздерге!*

    @kalpakprog@kalpakprog3 жыл бұрын
  • Ар бир чыгарманы окуп жатканда ичине кирип чоогу жургондой болду .Рахмат сизге ар бир окуган чыгарманыз уккулуктуу ,👏👏👏

    @tinatin8078@tinatin80782 жыл бұрын
  • Рух азык каналынын жамаатына ийгилик.Ушул мезгилде эн керек тушунуктуу мааниси ото терен маалыматтарды камтыган Роман.Ыраазымын сиздерге коптогон аудио чыгармаларды кутом.Кыргыз тилин бузбай корунгон созду кошпой тажатпай эн сонун окуду.Баракелде демекчимин!!!

    @user-oe7rj5gv8u@user-oe7rj5gv8u Жыл бұрын
  • Чон Рахмат

    @user-pn7ep4nb3h@user-pn7ep4nb3h Жыл бұрын
  • Рахмат сонун чыгарма экен, баары турмуштан алынат дейт, чын эле Адилет болгон болсо эмнеге Кыргызстанга кызмат кылбайт, чын эле атасы атагандай керексиз бойдон калыптыр.

    @user-mu8sz3wh7v@user-mu8sz3wh7v11 ай бұрын
  • Мен дагы угушум керек соонун экен

    @user-zk1et7ke1j@user-zk1et7ke1j3 күн бұрын
  • Сонун чыгармалары угуп жатабыз,чоон рахмат,аудиокитептер убактысы аздар учун сонун мумкунчулук

    @jainaguljunushalueva6231@jainaguljunushalueva62312 жыл бұрын
  • 2021-жылы жана кайтадан 2023-жылы окуп (точнее )угуп чыктым.окуган мырзага чон таазим.

    @Karagat4099@Karagat40999 ай бұрын
  • Рахмаат чоон❤

    @user-cw1ci8sx1j@user-cw1ci8sx1j3 жыл бұрын
  • Чоон Рахмат авторго жана окууган балага.1-марта 2022-жылы угуп буттум бардык болумун.Екатеринбург шаарындда .

    @ulannurlanbekov824@ulannurlanbekov8242 жыл бұрын
  • Бактылуу өмүрлүү бол ананайын иним. Күтүп уктум, чыдамсыздык менен күтүп уктум. Керемет чыгарма. Казат Акматов агайдын арты кайырлуу болсун, бейишин берсин жараткан🤲🤲 Бирде күлүп, бирде кубанып, бирде кайгырып чыгарманын ичине кирип, жашап уктум. Көп жаша миң мертебе ыраазычылык билдирем 🤲🤲🤲🌹🌹🌹

    @user-nt2dy7ee6f@user-nt2dy7ee6f3 жыл бұрын
    • Баяны писих блльинцага баран хан байке ж.а анын атасы эмне болду Акыры Адилет ата энесине илимпос агасына жолукту бу баягы 2чи 3 чу кат эмне болду

      @user-rf8oy6ie8r@user-rf8oy6ie8r Жыл бұрын
  • Рахмат, сонун чыгарма

    @gulzakhira8508@gulzakhira85083 жыл бұрын
    • .

      @daniarakmataliev2145@daniarakmataliev21453 жыл бұрын
  • Сонун китеп экен нигизи бул китеп кайсы жылы жазылды эле билгендер барбы

    @salamatjeenbekov4449@salamatjeenbekov4449 Жыл бұрын
  • 👍соонун болду го эрте жиберип

    @user-sj6um3ut6h@user-sj6um3ut6h3 жыл бұрын
    • 😘😘😘🤣🤣

      @nizaevabusala4375@nizaevabusala43753 жыл бұрын
  • Аягында чанчырап кетиптир кантип адам Кудайды жаратсын

    @janatorozaliev4760@janatorozaliev47608 ай бұрын
  • Алла ыраазы болсун 🤲🤲🤲☝️

    @user-zt5qh5cw6w@user-zt5qh5cw6w3 жыл бұрын
    • Эн сонун чыгарма экен Чыдамсыздык менен кутуп жаттым Сизге дагы ийгилик каалайм

      @gftfyhti7975@gftfyhti79753 жыл бұрын
  • Чоон Рахмат.

    @user-xn3fs5is9h@user-xn3fs5is9h3 жыл бұрын
  • 😳🤔🤭 Фантастика

    @user-ks4uq5sj9w@user-ks4uq5sj9w3 жыл бұрын
    • Тушунуу керек терен ой жугуртуп корууу керек Жашоон фантастика Фантастикалык кинолорду кайдан дейсинер?..

      @user-zt5qh5cw6w@user-zt5qh5cw6w3 жыл бұрын
  • Аябай уккулуктуу тушунуктуу окуп бергенине рахмат балам омурлуу бол ден соолукта бол Тибет окуусу нда тартип катуу билимди омурунун акырына чейин беришет экен жалган айтуу деген болбойт экен билимге жан уроп буткул дитин койуп окушат экен мага аябай таасир калтырды

    @samsunqgalaxytilla9687@samsunqgalaxytilla9687 Жыл бұрын
  • Жакшы китеп экен жакшы окуп бердиниз Чон Рахмат

    @user-pn7ep4nb3h@user-pn7ep4nb3h Жыл бұрын
  • Мыкты чыгарма рахмат ыраазымые

    @user-dm9mv3jd9w@user-dm9mv3jd9w3 жыл бұрын
  • Ар дайым денсолукта болунуз агай аябай жакшы чыгарма экен дагы коп коп чыгармаларды кутом

    @user-oe9sf9ol1t@user-oe9sf9ol1t Жыл бұрын
  • Абдан сонун чыгарма.Ушундай кызыгуу менен уктум.

    @user-th3nw3ok4n@user-th3nw3ok4n2 жыл бұрын
  • Рахмат улум карап кутуп аткам

    @user-ur6bq4uy4m@user-ur6bq4uy4m3 жыл бұрын
    • Адилет ата апасына келбей калды го. 🤔🤔🌮🤔

      @user-qd1kz3ef2g@user-qd1kz3ef2g3 жыл бұрын
  • Рахмат рух азыка барынарга ушул каналды уюштургандарга бактылу болгула

    @1.1tv18@1.1tv183 жыл бұрын
    • Чоон рахмат ишине ийгилик .Адилет ата энесине жолукса жакшы болмок.

      @user-nz9zc4ch3d@user-nz9zc4ch3d3 жыл бұрын
  • Эң сонун!!!

    @user-it6op1ov4y@user-it6op1ov4y3 жыл бұрын
  • Чоон рахмат! Угармандарга кымбат убактыныздарды болуп окуп бергенинизге 👍💙 Жакшы чыгармаларды ун которуп окуп беришиниздерди кутуп калам. Ишиниздерге ийгилик!!!

    @Qutfidin2096@Qutfidin20963 жыл бұрын
  • Аксы окуясын да кошо жаза кетиптир👍

    @user-ph6ue8dr2h@user-ph6ue8dr2h3 жыл бұрын
  • Эн мыкты окуган адамга рахмат

    @user-vd1dv8zg7m@user-vd1dv8zg7m2 жыл бұрын
  • 😍😍😍 Өтө керемет!!! Аябай таасирдүү чыгарма экен!!! Чооң ырахмат сизге!!! Бизге дал ушундай чыгарманы аягына чейин таасирдүү, элестүү кылып жеткизгениңизге терең ыраазычылык билдирем!!! Дагы да көптөгөн кызыктуу чыгармаларды күтөбүз!!:) Чыгармачылык ийгилик каалайм!!! Ден соолукта болуңуз!!!

    @user-bo8cf5fs7p@user-bo8cf5fs7p3 жыл бұрын
    • Кийинки китеп кайсы болушун каалайсыз оюнузду калтыра кетиниз!

      @user-re7wv2cp6r@user-re7wv2cp6r3 жыл бұрын
    • @@user-re7wv2cp6r Бейшебай Усубалиев "Түркүк" аңгемеси же А.Стамовдун "Хан Тейиш" тарыхый романы болсо жакшы болмок:)

      @user-bo8cf5fs7p@user-bo8cf5fs7p3 жыл бұрын
    • С.Акматова.Эн сонун чыгарма.Баарынарга чоон рахмат.Ишинерге ийгилик.

      @user-xi2gs8bb4h@user-xi2gs8bb4h3 жыл бұрын
    • Ото окунучтуу , ата энесине бир кайрылбаганы, мындайларды дини кайыр дешет го

      @kaziraishenalieva9987@kaziraishenalieva99872 жыл бұрын
  • соонун чыгарма экен эргуу менен чыгарманын ичине кирип уктум рахмаат

    @user-lx8mv6my9b@user-lx8mv6my9b Жыл бұрын
  • Рахмат чон. Жооп бергенинерге

    @begabek5047@begabek50473 жыл бұрын
  • Вах эй кандай сонун. РАХМАТ ЧОҢ СИЗДЕРГЕ БИРОК ӨТӨ ЭТИЯТТЫК М.Н УГУШ КЕРЕК ЭКЕН БУЛ ЧЫГАРМАНЫ, БАШЫНДА УККУМ КЕЛБЕЙ АТЫП БАШТАГАМ БУДДА ЖӨНҮНДӨ БАШТАЛГАНДА.

    @nuraikamhybekbint8410@nuraikamhybekbint84103 жыл бұрын
  • отооо мыкты чыгарма экен бирок 5мн 6чы болум не болуп кетти тушунуксуз жазып коюптур бир ары бир бери пайда болуп эле

    @nurjigitishenbekov1418@nurjigitishenbekov14187 ай бұрын
  • Соонун окулуптур чоң рахмат!

    @user-se1vy4rl1z@user-se1vy4rl1z Жыл бұрын
  • Сонун чыгарма экен укандан тажабай жатам калемине таазим

    @nurkan75azizova89@nurkan75azizova8911 ай бұрын
  • Ажайып фантастика экен.

    @travelguli1272@travelguli12724 ай бұрын
  • Мыкты чыгарма экен,рахмат.

    @user-mb6oe9bs4t@user-mb6oe9bs4t Жыл бұрын
  • Абдан жакты баарыныздарга ийгилик каалайм жазган инсанга рахматтымды айтам.

    @jahangulkulmanova5794@jahangulkulmanova57942 жыл бұрын
  • Рух Азык каналы чыгарган эмгекинизге чоон рахмаат. Жусуп Баласагындын "Кут билим" чыгармасын кутом эмки чыгарымдарда

    @user-ik7ph2ee3g@user-ik7ph2ee3g3 жыл бұрын
    • Чоон рахмаат!!! Соонун китеп экен. Жакшы жакшы китептеринизди окуп чыгара бериниз. Аллахым ыраазы болсун.

      @user-wz3dm5fm3o@user-wz3dm5fm3o2 жыл бұрын
  • Рухту ес алдырган соонун канал. Рахмат сиздерге кайталап угуп жатам😊👍

    @user-gw6bz8bp9f@user-gw6bz8bp9f3 жыл бұрын
  • Чон рахмат ото таасирлуу, тан калычтуу

    @user-hk3fy9qx6m@user-hk3fy9qx6m2 жыл бұрын
  • ЭЭН СООНУН чынара экен таазим 🙏🏻👍🤝🤗👋

    @user-dp1vz1oo2b@user-dp1vz1oo2b3 жыл бұрын
  • Ата энесине качан жолугат деп ото куттум,,,балдарыбызга омурубузду арнасак,чонойгондо учураша алышпаса

    @gulzarbekjanova2226@gulzarbekjanova22263 жыл бұрын
    • Мен да ошону ойлодум еле

      @user-sd4tp6od4f@user-sd4tp6od4f Жыл бұрын
  • Аябай мааниси терен ,таасирдуу чыгарма ! Ар бир кыргыз баласы окуш керек !!!Канткенде жетет ар бир муунга... Рух азык ,кызматтынарга таазим !!!

    @user-hy3zv2rp4r@user-hy3zv2rp4r3 жыл бұрын
  • Абдан сонун чыгарма экен,авторго да окуган мырзага да рахмат

    @user-fd6pn3gf5e@user-fd6pn3gf5e Жыл бұрын
  • Аллах раазы болсун!

    @kuluipaorozbaeva776@kuluipaorozbaeva7762 жыл бұрын
  • Чоон рахмат, мен аябай куттум, качан ата энеси менен жолугат, качан үйлөнүп балалуу болот деп🤔

    @fabiosfabio7954@fabiosfabio7954 Жыл бұрын
  • Же жылдызга чыкпаптыр же олбоптур же уйго кайтпаптыр аа динден да чыгарып жиберчидой экен ыйманы боштордун пайдалуу маалыматтар мындан коп кызык бул болгондо окябы же мифалогиялык чыгармабы?...

    @salimasamatova9555@salimasamatova95553 жыл бұрын
    • Мен да ошол ойго кеттим, ортодо Аллах бар же жокпу деп турган адамды динден жөн эле чыгарчудай экен

      @user-co3io8wj3k@user-co3io8wj3k2 жыл бұрын
  • Рахмат 😘

    @AdelAdel-ld5ek@AdelAdel-ld5ek3 жыл бұрын
  • Чыгармадан коптогон пайдалуу маалымат алдык деп ойлойм. Ойду башкарууну уйронуу келечектин окуусу го.

    @gulnura1madalieva@gulnura1madalieva3 жыл бұрын
  • Соонун чыгарма экен

    @user-kt3te6jo8n@user-kt3te6jo8n2 жыл бұрын
  • Чоон рахмат

    @NVtvchannell@NVtvchannell2 жыл бұрын
  • Кыргызстандын ажоосу болгон жерин биздин мурунку Аскар Акаевдин убагы окшойт деп чечмеледим😊

    @user-lr1ej2cs6o@user-lr1ej2cs6o3 жыл бұрын
    • Туура

      @kengekayipova571@kengekayipova5713 жыл бұрын
    • Мен дагы

      @abibirafis5898@abibirafis58982 жыл бұрын
  • Ушул чыгарманы баардык Кыргыз угуп чыкса же болбосо окуп чыкса дейт элем, коптогон койгойлор которулгону абдан кубандырат....

    @user-re7wv2cp6r@user-re7wv2cp6r3 жыл бұрын
    • Мин жолу окуганда деле журогунон тунок таппаган ички дуйносу жарды,тушунугу жетпеген адамдар бар. Баарыбыз тушунуп акыл сезимибиз менен туюп,билсек анда алакандай кыргыз эчактан эле онуккон,гулдогон олкого айланат элек. Чолпонбек Абыкеевтин" Бриллиант жылан" чыгармасына Шаа экиге болунгон китепти мына мвна бириктирем дегенде Тибеттин ламасы айткан жери бар. Жер жузундо жашаган адамдар баары бир мезгилде бир ойду ойлогтндо экиге болунгон китеп биригет деп. Тилекке каршы андай мумкунчулукко жетпейбиз. Ал кылымдан кылымга да андай бир ойду бир убакта ойлогон адамдар жаралбайт. Эч качан. Адилетсиздик,акты кара,караны ак деген замандын куну туулуп атат. Окунучтуу да кейиштуу да

      @raxyiabotobaeva195@raxyiabotobaeva195 Жыл бұрын
    • @@raxyiabotobaeva195 созунузго кошулам.

      @nazgulnazarovna4702@nazgulnazarovna4702 Жыл бұрын
  • Ошондо Аскар Акаевдин кетишине бул кишинин таасири бар экенда э😁👍👉

    @user-dr5vp6gr7v@user-dr5vp6gr7v3 жыл бұрын
  • Ошондо Адилет оорулуу болбой эле торолгон,жетилген турбайбы. Мойнок олгон сон орууган окшойт. Мен учун табышмак бойдон калды.❤❤❤❤

    @MaNzUra_R@MaNzUra_R Жыл бұрын
  • Бегалы иним ыраазычылык билдирем чооң рахмат ананайын өмүрлүү бол 🤲🤲🤲 6-бөлүгүн тең фейсбуктагы Көл тамчылары-группасына бөлүшүп койсом.

    @user-nt2dy7ee6f@user-nt2dy7ee6f3 жыл бұрын
  • Канчалык чындык екен кми жоооп берелат

    @emirchik632@emirchik6323 жыл бұрын
  • Ата энесине жолукпаганы жакпады энесине жолугушун чыдамсыздык менен куттум эле энеден ыйык не бар баланы тороп он жашка чыгарыш учун канчалаган мээнет канчалаган нерф кетет мындай кылбаш керек болчу

    @user-jr9xg5el2s@user-jr9xg5el2s Жыл бұрын
  • Ой бар бол! Рахмат чоон.куттурбой баттан чыгарганына

    @Samatova_arzygul@Samatova_arzygul3 жыл бұрын
  • Сонун рахмат 👏👍🤗😍ушул Адилет азыр кайда болду экен. 🤔😂

    @samaraaskerovna7157@samaraaskerovna7157 Жыл бұрын
    • Мен да ошону ойлоп атам

      @user-cs4sl4eg9q@user-cs4sl4eg9q Жыл бұрын
    • Окуянын жүрүшүнө карасак, ал азыр дүйнө кезип талирант мантрасын өткөрүп жүрөт.

      @doolotshabdanbekov3229@doolotshabdanbekov3229 Жыл бұрын
  • Ошондо бала Тибетте калдыбы,ата энесине жолукканда сонун болмок.Жакшы чыгарма экен,бар болунуз.

    @user-pz5cv8ws9t@user-pz5cv8ws9t Жыл бұрын
  • Сонун.

    @juguruk9858@juguruk9858 Жыл бұрын
  • 3 жолу угуп чыктым, бирок эмне жонундо, эмнени айтайын дегенин тушуно алган жокмун

    @user-fu1yl3bi4i@user-fu1yl3bi4i Жыл бұрын
  • Китепти Акаев Аскар,Майрам,Бермет,,Бакиев,Атамбаев,Жеенбеков окуш керек экен айрыкча 6 болугун.

    @user-lh9dx1je3r@user-lh9dx1je3r3 жыл бұрын
    • Манясону чакыргылачы ,многу ички душмандар Теке ,Крокодил , Нпошниктер , кичине акылы жетпеген ээрчимелерди гипноздоп , бош баштарына мээ салып ,олкону суйдуруп кетсин ,,,

      @user-fu3wj7fp1j@user-fu3wj7fp1j2 жыл бұрын
    • 6гнр нем СК кд9ж.3

      @user-jj9rm2jz9f@user-jj9rm2jz9f Жыл бұрын
    • Алар угуп убакыт коротпойт жеп тоноп көнгөн да

      @user-kg4tv9fs2y@user-kg4tv9fs2y7 ай бұрын
  • Жон эле унуп койбой тушунгонубуз Жана тушунбогон суроолоруьущду болушсок болот деген ойлодум.

    @user-ik7ph2ee3g@user-ik7ph2ee3g3 жыл бұрын
    • Эми чыгарманы анализдөө керек

      @kengekayipova571@kengekayipova5713 жыл бұрын
  • 👍👍👍👍👍👍

    @eldiyarmairambekov547@eldiyarmairambekov5473 жыл бұрын
  • Уйлонбойм калганын да кайын болду

    @user-qr6tu3pi1q@user-qr6tu3pi1q6 ай бұрын
  • Мен кеч калып окупмун 👍

    @user-yt2kv1tw2d@user-yt2kv1tw2d Жыл бұрын
  • Кайдагы ыйык милорепа бир гана аллах ыйык,бийик жана мээримдуу.. ал жалгыз

    @turgunbekanarbekuulu4074@turgunbekanarbekuulu4074 Жыл бұрын
  • Качан чыгарасыздар 7 болум барбы

    @user-uv5dd1wf1b@user-uv5dd1wf1b3 жыл бұрын
  • Бул китепте коп нерселер чагылдырыптыр азыркы заман менен мурунку ата бабалар жашаган маалдагы коз караштар адамдардын мунозу ичи таарлыгы жер жузундогу адилетсиздик жашоо.

    @user-lr1ej2cs6o@user-lr1ej2cs6o3 жыл бұрын
  • Апасына жолукпады го КРга келип ошону аябай куттум эле

    @nazirarai6171@nazirarai61713 жыл бұрын
  • Сүйүү темасында болсо да жакшы болмок

    @Kambar.@Kambar.3 жыл бұрын
  • Ракммат , кутуп атканбыз чыдамсызданып

    @user-fe9zd8nh6u@user-fe9zd8nh6u3 жыл бұрын
  • Рахмааат

    @meerimjeenbaeva5218@meerimjeenbaeva52183 жыл бұрын
  • Адилет биздин СССР кулагандан кийинки шайланган президент Аскар Акаевдин убагында жашаган болсо демек азыр да барбы?

    @user-ik7ph2ee3g@user-ik7ph2ee3g3 жыл бұрын
    • Жакшы чыгарма.РАХМАТ авторго да ,окуган адамга да.

      @user-xi2gs8bb4h@user-xi2gs8bb4h3 жыл бұрын
    • @@user-xi2gs8bb4h Чыгарманы жаман деген жерим жок. Просто ой болушолу дегем.

      @user-ik7ph2ee3g@user-ik7ph2ee3g3 жыл бұрын
    • Адилет ойдон чыгарылган каарман,эл учун күйгөн адамдын кыялы.

      @damishr5079@damishr50793 жыл бұрын
  • Мурун китеп даны чыкканда окудум эле азыр да аябай кызыгуу менее уктум Адилеттин энесине боорум ооруду баласын окууга Бир кесиптин ээси бол леп жонотсо баласы ошону менен кайрылып барган жок да кыргыз жерине келгенде барып Эне атасынан кабар алыш керек эле абдан сонун чыгарма

    @user-pi9by4mr1c@user-pi9by4mr1c2 жыл бұрын
  • "Кут алчу билим" чыгармасын күтөбүз.

    @kuluipaorozbaeva776@kuluipaorozbaeva7762 жыл бұрын
  • Аягын тушунбой калдым, эмне болуп бутту ошондо?

    @user-lg1fq3rd3c@user-lg1fq3rd3c Жыл бұрын
  • Сынган кылычты чыгаргылачы

    @user-bc9rl1zh7f@user-bc9rl1zh7f2 жыл бұрын
  • Базар жоок кутуп жатканда сюрприз болду го мыкты

    @SultanMustapaev@SultanMustapaev3 жыл бұрын
  • Урррррааааааа

    @user-yj6ti8ki7i@user-yj6ti8ki7i3 жыл бұрын
  • 😊👍👂🎧

    @user-gw6bz8bp9f@user-gw6bz8bp9f3 жыл бұрын
  • Менимче чыгарма бутпогондой

    @user-ry8nr8tu4w@user-ry8nr8tu4w Жыл бұрын
  • 👍👍👍

    @user-hg7sy2oh3b@user-hg7sy2oh3b2 жыл бұрын
  • Ушул чыгарманы окуп бергенинерге чон ыраазычылык билдирем,анан айтып коюнуздарчы болгон окуябы же жомокпу,барбы азыр Монясо?ал ким?

    @user-bx4xq9yk5q@user-bx4xq9yk5q2 жыл бұрын
  • "Быдла"- дейтго😹😹😹

    @user-ph6ue8dr2h@user-ph6ue8dr2h3 жыл бұрын
  • Бул кайсыл ой менен жазылган

    @user-ch6ib9or4c@user-ch6ib9or4c2 жыл бұрын
  • Аскар Акаев жонундо го...

    @gulnura1madalieva@gulnura1madalieva3 жыл бұрын
  • Экинчи катын кайсы бөлүмдөн ачып окуйт,жооп берип койгулачы.???

    @user-ts5rz2ir9b@user-ts5rz2ir9b Жыл бұрын
  • Ушинтип эле бутуп калабы?Сонун чыгарма экен го аа.Бул окуялардын баарын каяктан алып чогулткан.Ошол Миларепаны биздин бийлик эмнеге КЫРГЫЗСТАНдын келечегине пайдаланышпайт.

    @aselkulataeva1114@aselkulataeva11143 жыл бұрын
  • Буга кантип ишенсе болот?Ислам дини боюнча мындайларга ишенууго болбойтко?

    @syimykesenov@syimykesenov Жыл бұрын
KZhead