КЫРГЫЗСТАН УЛУТТУК КУРАМАСЫ КЫТАЙЛЫК ТАЙБЭЙДИ ЖЕҢДИ

2024 ж. 20 Нау.
319 Рет қаралды

🇰🇬 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КУРАМАСЫ КЫТАЙЛЫК ТАЙБЭЙДИ ЖЕҢДИ
Бүгүн, 21-март күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын квалификациялык раунду алкагында Кытайлык Тайбэй менен оюнда кез келди. Үчүнчү турдун алкагында орун алган беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өттү.
Беттеш Штефан Тарковичтин командасынын 2-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Оюндун 24' минутасына экинчи сарып айып кагазын алып калган Саид Дациев оюн тааласын таштады. Андыктан, курама оюндун калган бөлүгүн бир футболчуга кем ойнойду. Кай Мерк 54' минутада пенальти иштеп табып, аны команда капитаны Валерий Кичин ийгиликтүү ишке ашырды. Андан соң Кай Мерк беттештин 80' минутасына атаандаштын айып аянтчасына ишенимдүү кирип барып команданы алдыга алып чыкты. Ошентип, беттеш 2-0 эсеби менен курамабыздын пайдасына аяктады.
Аталган командалардын жооптук беттеши 26-мартта борбор калаабыздын Д.Өмүрзаков стадионунда орун алат.
#kfu_kg

KZhead