Кулунду: мөндүрдөй жааган ок, тоого качкан эл

2021 ж. 1 Мам.
391 031 Рет қаралды

29-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунда да Тажикстан менен чектешкен айылдарда түрдүү аскердик куралдардан ок атылды. Бейкапар жаткан Максат, Интернационал, Кулунду, Арка айылдарына жана бир топ башка жерлерге Тажикстан тараптан ок жаап, мындайды күтпөгөн эл жанын сактап калыш үчүн тоону карай качкан. Алардын арасында жаш балдарын жетелеген аялдар, кары-картаңдар көп болду. Андан ары үч күн бою алар Лейлектин башка айылдарына эвакуацияланды. Чек арадагы айылдар аңырайып бош калып, айрым үйлөр өрттөлгөнү, үй эмеректери, мал жандыктары тонолду. "Азаттыктын" журналисти Төрөкул Дооров 1-май күнү Кулунду айылына барып, акыбалдан кабар алган.

KZhead