Балаң менен ишиң жок болсо, анын да сени менен иши жок болот| Нуржигит Кадырбеков| Алдей
Салам, достор! Бүгүнкү программаны энелер, өзгөчө аталар өткөрбөй көрүшү керек. Анткени 2024-жылды ар бир үй-бүлө үчүн абдан маанилүү болгон тема менен баштоону чечтик - балдарга тарбия берүүдө атанын ролу.
Эмне үчүн бул тема маанилүү? Коомдо көбүнчө балдарды тарбиялоо эненин жоопкерчилиги катары каралат, бирок атанын ролу да баа жеткис экенин унутпайлы. Ал эми бүгүн бизде конокто коомдук ишмер, акын жана жазуучу Нуржигит Кадырбеков болмокчу. Бул чыгарылыш ар бир ата-энеге мындан да мыкты болууга жардам берип, эне тилибизди өнүктүрүүгө, ага болгон сүйүүнү арттырууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
_________
✳️Үй-бүлөдө кандай салттарды киргизип, балдарды туура тарбиялоо боюнча кеңештерди "Энелер мектеби" уникалдуу мектебинин түптөөчүсү Гапыр Мадаминов менен болгон маектен уксаңыз болот:
• Агай: Балдарды "элдүүл...
✳️Балага туура тамактануу адатын кантип үйрөтсө болот:
• Балага канча айында, к...
-------------
00:00 Таанышуу
00:55 Жакшы ата боло албай жатам...
01:50 Баланы тарбиялоодо атанын ролу кандай?
04:25 Эр тайын тартат деген чынбы?
06:30 Атам менин көзүмчө көп мактаган эмес...
10:00 Бардык аталар телефондо. Баарлашуу азайып кетти
13:45 Тил бузулса адамдын дили да бузулат
16:50 Кыргыз тилибиз унутулбаш үчүн миграцияда жүргөн мекендештерибизге кеңеш
19:20 Кыргыздын аттары жоголуп баратат...
21:55 Балам орусча сүйлөп жатат. Мындан ары кыргызча сүйлөп кетиш үчүн кандай кеңеш бересиз?
25:25 Балдарымдын апасы кандай болот деп анан үйлөнүү керек?
30:45 Мен үчүн эң чоң авторитет Жан-Клод Ван Дамм болгон
33:35 Баланын шыгын табуу үчүн швед стол даярдоо керекпи?
36:55 Кыздар атасына окшош жарды издешет экен...
40:30 Нуржигит Кадырбековдон ата-энелерге маанилүү кеңеш
42:05 Тарбия боюнча кандай китептерди сунуштай аласыз?
45:15 Эпилог. Балага туура чөйрөнү тандоо боюнча Нуржигит Кадырбековдон практикалык кеңеш
47:00 Мен үй-бүлөдө "адвокатмын"
48:45 Устатты тандоо боюнча кеңеш
51:05 Жубайым "плохой полицейский"
52:35 Кыздарыңыз турмушка чыкканда ыйлайсызбы?
#НуржигитКадырбеков #атаэне #Алдей
Балага тарбия берүүдөгү 5 кеңеш: 1. Өсүү учурунда жардамга муктаж болсо жардамдашуу. 2.Ар бир кыймыл аракетине майда нерселерге кийлигише бербөө. 3.Баланы кечире билүү. 4.Жөндөмдөрүнө жараша шарт түзүп берүү. 5.Өзүңдүн жүрүм турумуң менен үлгү болуу. Китеп утуп алайынчы🥺лайк басып коёңуздар❤
Нуржигитти тарбиялаган атасына алкыш болсун. Уулга атанын тарбиясы айрыкча керек. Уядан эмне корсо учканда ошону алат дегендей, урбай сокпой туура тарбияласа, озу да улгу болуп, эмгекке, адеп ахлакка уйротуудо атанын ролу зор. Айрыкча бала коруп, оскон чойросу да чон таасир берет.
Ракмаат Балам тилегин е жет .
😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊
Аллахым ушул жылы мага буйурса,Нуржигит Кадырбековдой акылдуу,билимдуу,илимдуу ,журогу таза ,жузу,мунозу келишкен,алты саны аман уул берсе экен ИншАллах.
Ал учун сен Нуржигитин Апасындай болушун керек
@@oxotnik007 Алла буйурса.Аракет кылабыз.Сиз да ошондой ата эне болун)
Омийин,
Аллахым насип кылсын, нийетинизге жетиниз. Биздин да эгиз балдарыбыз бар 2 жашар. Аларга да дуба кылып коюнуздарчы
Нуржигит кадырбеков эркек эл уулу ыймандуу чечкиндуу акылдуу буйурса приздент болосуз
Менин да балдарым сиздей илимдуу билимдуу болсун 8 балам бар баары сиздей болсун.
Нуржигит Кадырбековдун 4 кызы бар турбайбы? Демек, үйү бейиш жыттанат экен. Үлгү алчу мыкты инсан❤
биздин дагы торт кызыбыз бар❤
Нуржигитин уулду болушун кудайымдан тилейм.Озубуздун кудайым берген уч уулубуз бар. Көбү менден бата сурашат. Бата бергендери чынында уулду болушкан. Балким бул да болсо себепкердир. Жыл айланбай уулду болуусун кудайыман тилейм. Оо кудайым батабыз кабыл болсун тилек кылам.🤲🤲🤲 Оомийин.
@@aidolu88😊😅
Биз ким элдин козунчо жакшы суйлосо ошону эрчиген манкурт элбизда... садыр менен камчыбек ташиевдей элге куйбойт
Комментарий окусам эч ким жаман жазган эмес чынында 👍👍👍 Азаматсыздар Нуржигит агайды билимине, илимине таазим.
Менин дагы балдарым Нуржигит Кадырбековдой илимдуу,билимдуу болсо экен,🤲
Нуржигит сүйлөгөндө кулагын уккусу келип сенден мурда даярданат деп ойлоп калам бул иниме өтө көп жакшылыктарды Аллахым береберсин амийин
Кыргызда Нуржигит Кадырбековтой, Идирис акын, Эмил Балтагулов, Улукбек Карыбек уулундай уулдарыбыз коп болсо экен 🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻
Оомийин. Аман болсун. Эл уулу болуп аман болсун бийиктиктен көргүбүз келет.
Ушунча элеби бизде
Интервью алган кыз дагы азамат адеп ахлахдуу экен
Жылдыз айым аябай соонун. МаашАллах. Ыймандуу,уялчаак, көйнөктөрү эле необычный жоолугу андан.))))
Ушул адам келечекте президент болгонго ылайыктуу ушундай жол менен кетсе кыргызга жакшы болот беле
Омийин! Мындай адамдарды президенттикке оңой менен коюшпайт. Качан гана баарыбыз дин менен жашасак жашоо оңолот.
Аллахым ушул жылы мага Нуржигит Кадырбековдой, Идирис Айтбаевдей илимдуу, билимдуу, акылдуу, журогу таза, ай чырайлуу, алты саны аман уул небере берсе экен Инша Аллах!
Омийн омийн
@@user-tq7yn2ld1nц🎉
Аамиинь
Өзүңүздүн деле ата бабаңызга окшогон небере берсин деп сурап дуба кылып койуңүз😅
Амиинь амиинь
Кандай соннун укмуш создор. Уулум сиздей акылдуу, созго чечен болсун.
Оомиин
Нуржигит Кадырбеков Өттө жөнөкөй Билимдүү Ыймандуу Инсан Ит үрө берет Мышык Майга жетпей сасык дептир болуп жатышат 😂Тек алга Аллахым колдосун көз тийбесин 🤲🤲👍🏼🔥
Алып баруучу оромолу суйлогону ыймандуу кыйын келин экени горунуп турат.
Балдарым Нуржигит Кадырбековтой ыймандуу,акылдуу инсан болушсун🤲🤲🤲
Кудайым буйруса Баламдын атын Нуржигит коем. Аллахым ошол кунго жеткирсин.
Нуржигит Кадырбеков элдин көйгөйүн чечүүгө көп салым кошкон депутат. Балдарды тарбиялоодо да көп кеңеш берип жүрөт,бул көрсөтүүдө да сонун маек берди. Нуржигит Кадырбековдун кеңештери көп кырдуу жана бардык жаштагы балдарды тарбиялоодо колдоно билсек өтө жакшы ккңештери бар. Нуржигит Кадырбеков ата -энени сыйлоо,алардын кадыры жөнүндөгү ойлору да ойлондурбай койбойт,аларды турмушта , балдарды тарбиялоочулар колдонсо эң сонун жыйынтык берет. Сиздердин көрсөтүүлөрүңөр тарбиялык мааниси жогору,бүгүнкү оор мезгилде керектүү суроолорго жооп бере алган,көп кырдуу,кызыктуу көрсөтүү.алып баруучу да эң жогорку деңгээлде жеткире алган кесипкөй айым.Рахмат сиздердин көрсөтүүңөргө,мындай берүүлөр көп болсо,ар бир ата-энеге керек.
Атына заты жарашкан нурдуу жигит,тарбиялап остургон ата энесине таазим.
Нуржигит Кадырбеков ото сонун тушундурот терен ыраазычылык
Нуржигит агайдын аты затына жарашкан илимдуу билимдуу адам. Ар бир баяндарын бир дем менен уга турган.
Бала тарбиялоо эн чон инвестиция !!! Хотя миллиарддап жыйсак да балдарга убагында конул болбой конул болбосон тапкан байлыгын бир тыйынга татыбайт. Мени жолдошум базарга чык деп соодага чфгарып койду😢😢😢 кичине балабыз 11 айында нянкага таштап чыктым соода сатыкка, 2 класс уулум мектептен баасы артта калды, кызым садиктен дициплина узулуп ал да артта калды, нянкам бала менен алек, мен тан атпай кетем кеч келем соодадан , жаны жыл куну айттым соодага чыкпайм, балдарга конул болойун балдарна жакшы тарбия берели десем чалкасынан тушту( элдин аялы иштеп атат базарда деп) не десен ошо де мен балдарга козмо коз тарбия беришим керек деп уруш талаш болду уйдо😢😢😢 а жолдошум саат 7 де кетет жумушка туну саат 11 де келет, анын 1 эле максаты бар эн кымбат машинаны салондон алыш ( башкасына башы оорубайт)
Кеч боло электе, нянкага төлөгөн акчага иштебей эле балдарыңды тарбияла! Менин кошунам сендей төрөп эле ,нянкага таштап иштеп ,эми мына балдары шок,тил албайт капризный баары Чоң баласын платный школго оеутту ,себеби тарбия ноль ,мамлекеттик мектепке батпай койду, ещё сабакты дагы өздөштүрүүсү ноль,эси дарды телефон болгондуктан аргасыз менчик мектепке берди Садиктегилери тоже ошондой тарбиясыз болуп өсүүдө, баары гиперактивныйлар Ошондуктан балдарды таштап иштеп акча таап ,кийин азабын тартпастан жок дегенде бириңер ( эне) үйдөн тарбия бергиле!!! ( Жолдошуңа ушул жазган комментарииди окутуп кой,факты менен жаздым)☝👍
Аябай тушунуп турам сизди. Мен дагы балдарды корбой калдым эле, жумцштан колум бошобой. Кудайым ааай, мага боору оорудубу, айылдан уй алып, ошол жакка кыздарым менен кочуп кеттим. Эртен менен завтрак жасап берем, турдуу тамактарды кылам, жомок айтып уктатам. Озумо дагы жагып калды бала караган. Уйдо отурсам жакшы апа экенмин. Балдарым менен чогуу кино кором. 😊
Омурунуз узун болсун болсун биринчи орунга балдарынызды тарбиялайм дегениниз эн туура
Эн туура эне үйдө болуп сөзсүз балдарга меерим болуп тарбиялоо зарыл миллиард тапсанда балдарын тарбиясы болбосо бир тыйын надо будеть баардык акчан балдарга кетип жашоодо ызычуу көп болот
@@wrestlingbores2614 Эн туура
Нуржигит мырза аябай мыкты суйлопсуз , билиминизге таазим. Алып баруучу кызга ыраазымын жакшы суроолорду бердиниз , жумушунузду так билген айым экениниз корунуп турат.
Манты жасап жатып,угуп,кантип бат бутуп калганымды сезбей калдым.Ото сонун маек бериптир Нуржигит агабыз.Ар бир суроого так,таамай,фактылар менен жооп бериптир.Дин менен да,билимдуулугу менен да толуктап ,жоопторду ушунчалык маанилуу бериптир.Негизи эле ушул агабызды аябай сыйлачумун.Бул маегинен кийин,дагы да сыйым артты.Аллах раазы болсун Нуржигит ага! Биздин да балдарыбыз сиздей билимдуу,диндар болуп чонойсун 🤲🤲🤲
Машааллах кандай кана журокко жеткен создор болуптур омурунуз узуун болсун. Сиздей уул, кыздарыбыз, жаштарыбыз кооп кооп болсун.
Жылдыз айым азаматсын кыргыз элине эн керектуу маектерди алып чыгып жатасын ыраазыбыз❤
Азаматсыз эң жакшы тарбиянын үлгүлөрүн айтып өттүңуз, аялга жакшы мамиле болбогондуктан ажырашуу болуп жатат, балдарды тарбиялоо оор, сиздей түшүнүктүү мээримдүү адамдар көп болсо болсун
❤❤
Нуржигит агайды ушунчалык берилип угамын, эс аламын, ден соолугуна,өмүрүнө береке. Аллах Өзү сактасын.❤
Азыр ата- энелер мектебин ачуу керек. Ушул темаларды кулактарына киргизип. Анткени балким жаштыгы ата энесиз өтүп калгандар бар. Же азыр баарыбызга кооптуу маселе болгон 70% мигранттардын балдары. Келечекте алар кандай үй бүлөө күтүшөт! Мектепке да ыйман сабагын өтүү. Мага абдан жакчуу. ❤❤❤❤❤❤❤❤
Менин уулдарым да ушул инсандай билимдуу кеменгер жигиттер болсун🤲🤲🤲
Ушул алып баруучу эже озгочо да,кийингени ,жонокойлугу,аябай терен жакшы суроолорду берет.Ийгилик коштосун 💐
Зор кыз экен атасыга апасыга рахмат
😊
😊
😊
😊
Эн сонун маек болуптур, коп жакшы маалыматтарды алдым жана бул видео менен болушуп койдум. 1. Дуа кыл, балдарындын келечегин тилегин 2. Озунду тарбияла, балдарын сени коруп чоноет 3. Адал тамак менен бак балдарынды 4. Кыз балдарга жакшы соз суйлоо,эркелетууу. Чонойгондо бироонун созуно алданып калбаш учун 5. Балдарындын сырын айтпоо, алар менен дос бол 6. Балдарга убакыт болуу, жомок окуу, баарлашуу зарыл 7. Ыймандууга озуно жараша адам туш келет Чон рахмат, каналынызга онугуу тилейм🤲
Нуржигит Кадырбеков , сизден чооң сураныч Контнент боюнча биздин " БАЛАСТАН " балдар каналын булдан дагы өнүктүрүүгө басым жасап койсоңуз , депутат болгон маалыңызда жасаган ЭҢ ЧОҢ ишиңиз болот эле ......
Алып баруучу азаматсыз кыргыздын кыз келиндери ушундай кийинип таза журуш кк башында жоолук ❤
Нуржигит жылдыздуу, ыймандуу, акылдуу,нурдуу адептуу мырзасы.Аллахым омуруно, жашоосуна береке берсин, жаман коз, жаман создон сактасын.Менин балдарым Нуржигиттей болсо менин сыймыгым болот буйруса.
Нуржигит Кадырбеков агайдын баардык сабактарын аябай сүйүп көрөм, чооң рахмат чакырганыныздар үчүн бир дем менен көрүп чыктым. Учурда 6 айлык бир кызым бар мен өзүмө : 1. Жомок китеп окуп беришим керек (жомок китеп сатып алып даярданышым керек) деп. 2. Кызым менен көбүрөөк сүйлөшүп сериал көрүү адатымды токтотоюн деп. 3. Кызыма тарбия берүүдө өзүмдү тарбиялоо керек деп. 4. Биринчи кызыма эне тилибизди үйрөтүп андан соң кошумча тил үйрөтөм деп. 5. Кызыма эң мыкты тарбия берем деп өзүмө тапшырма бердим буюрса.
Молодец Бурулай❤
Кесибим мугалим. Бирок,ушул адам уйуно кызматчы кылып алса барат элем.Себеп,жакшынын жакшысы жугат.Жакшыларга кандай болбосун жакын боло беруу керек!..
😊
ОТТТО МААНИЛУУ СУРОО ЖООПТОР БОЛДУ.АЯБАЙ КОП ЖАКШЫ НЕРСЕЛЕРДИ УЙРОНДУМ.РАХМАТ
Кандай аял тороду экен сиздей уулду!
Бала тарбиялоо чын эле кыйын иш..ото татаал нерсе
Абдан сонун маек болду. Өзүм эне боло элек болсом дагы, буйруса балалуу болсок мыкты эне болом деген ниетим бар. Балага тарбия берүүдө: 1. Балага калп айтпаш керек 2. Үндү бийик чыгарып урушуп же коркутпаш керек 3. Достой жакын болуш керек
Ушул инсан президент болсо экен келечекте оомин
Аябай акылдуу, ою терен, ыйманы чон адам экен, энергетикасы дагы кучтуу, создору дагы аябай жагымдуу, жеткиликтуу суйлойт экен, чон улгу алчу адам экен. Сизге чоон Рахмат, эн соонун кенештер, жеткиликтуу айтып, мыкты адам деп билсе болот!!!
Бизге дагы Нуржигит Кадырбековдой акыл эстуу билимдуу уул берсин
Ушул интервьюну абдан куттум эле Рахмат Нуркыз Кадырбековаданда интервью алыныздарчы❤
Акылдуу уулду тарбиялаган ата энесине Аллахтын нуру жаасын
Рахмат, сонун интервью болуптур! 1. Балага дуа кыл 2. Адал тамак менен багуу 3. Кыздарга жакшы сөз айтуу, кийин башкалардын жаман сөздөрүнө ишенбей, алданып калбоо үчүн 4. Жомок, китеп окуп берүү 5. Балага эң кымбат - убакыт бөлүү 6. Балаңа үй-бүлөлөгү аураны жакшы тартулоо максатында ата-эне бири-бирине мээрим төгүп туруш керек 7. Ата-эне өзүңдү тарбиялаш керек, бала баары бир көргөнүн кылат 8. Устат тандоо 9.жүрөк менен тандаган нерсе жеңил болот
❤❤
Алдей алдей каналына ыраазычылык билдирем,аябай пайдалуу эфир болуптур. Ар бир эфирди чыдамсыздык менен күтүп калдым😊 Бүгүнкү подкасттан алган пайдам: өзүн тарбиялоо,алма сабагынан алыс түшпөйт,адал тамактандыруу,баланы жакшы чөйрөгө кошуу. Эң мыкты мурас балага тарбия берүү,убакыт, көңүл буруу...
Аллахым менин уулумду дагы Нуржигит агайдай акылдуу, ыймандуу , мээримдуу жигит кыла кор 🤲🤲🤲, ээн соонун кенештер болду.
Мааш Аллах эн туура балдарды дин менен тарбиялаш керек,пайгамбарыбыз с,а,в эки дуйнодо бактылуу болушту корсотуп кеткен.
Нуржигит Кадырбековдун иминин абдан жакшы угам алахым ДЕН-СООЛУК берсин
Менин эң кумир туткан агайым Нуржигит Кадырбеков мен сыймыктанамын ар бир сөзү өткүр жүрөк го тийет адам керчилиги билим деңгели өттө жогору ыразычылык агайдын кеңешине алпаруучу эжеге .
Жылдыз айым ото жонокой инсан корунот аллах ыраазы болсун
Аллахым уул берсин озуго окшогон ыймандуу бала берсин
Маанилүү маек болуптур. Ушундай теле берүүлөр көп болсун! 1) Кыргыз тилин, дилин, салт санаасын, менталитетин бекемдөө үчүн атайын күчтүү идеалогия түзүп, жакшы программада иш алып баруу керек. 2) Политика , согуш, ужас, өлүм жөнүндөгү кантенттерди азайтуу керек деп ойлойм. Кийин кеч болуп калуу коркунучу бар... 3) Бул уч кундук жашоодо бири бирибизден жакшы сөз аябасак дейт элем. Жакшы сөз ооруну айыктырат, жүрөккө даары болот! Көңүлүн ачык болсо баарын чын жүрөктөн ( от души) кылат экенсиң...🎉
...
П
Уулду болгондо апам Нуржигит Кадырбековдой инсан болсун деп койду эле.Аллахым наасип кылса сиздей кучтуу инсан болсун балам.
Нуржигиттей балдарыбы кооп болсо экен ото билимдуу инсан ден соолукта бол иним таалим тарбия алсак болот
Тирүүлөй жетим балдар бул сөздөрдү уккан нары турсун, кара курсагы тойбой жүрүшөт.
Кыргыздын даанышманы,акылманы Нуржигит уулубузду эки дуйнодо Аллах колдосун.🤲🤲🤲
Кудайым бизгеда ыймандуу акылдуу ден соолугу чың бизге күйүмдүү Нуржигит Кадырбеков уулдардан бер Аллахым
Пайдалуу берүүлөр үчүн рахмат ушул каналга.
Нвржигит мн Ыдрыс Айтбаев ушулсыяктуу инсандар эн сонун адамдар Алла берген телегейи тегиз берген адамдар булар мн сыймыкктана турган инсандар Алла колдосуг
Маегиңиздерге чоң ыракмат 🤗. Телефондун артында отурган канча адамга мыкты тарбия, өрнөк болду👍. Жараткан ишиңиздерге ийгилик, береке берсин 🤲
Биздин да 3 кызыбыз бар эми буюруса ушул инсандай уулдуу болсок иншаалах
Айланайын балам Аллахым омур , ырыскыларына береке берсин.Сендей уулдарыбыз Кыргызстана коп болсун.Оомиийн.
салам баарыныздарга. туура кошулам жомок окуп беруу балага ото чон таасир берет, мен озумдун башымдан отуп жатам, кудайга шугур, ата эне болуу озу чон жоопкерчилик, ошол жоопкерчиликти ар бир ата эне сезе билсе,биздин келечектеги урпагыбыздан созсуз турдо, искак разаков, чынгыз айтматовтор чыгат деп ишенем
Алып баруучу кызым ак жоолугу жарашкан бактылуу бол🎉🎉🎉❤❤❤
Аллахым балдарыбыз Нуржигитей жигит болсо экен омиииийн жуксуун🤲🤲🤲🤲🤲🤲
Кадырбековдой эстуу балдвр. кобойо. берсин
9:50 Нуржигит балам омуруну берсин ото акылдуу ыймандуу ото зирек апаны аяабай жакшы сыйлайсын омуруну берсин биздин балдарыбыз сендей болсунчу
Нуржигит Кадырбековдун сүйлөгөн сөздөрү укулуктуу маанилүү сөздөрдү сүйлёт мага жаггат балдарымда Нуржигит агай дай болсо экен.
ЗНАЧИТ сиз озунуз жакшы создорду гана угасыз. 👍
1.Баладан мурда озунду тарбиялоо 2.Баланын жаш курагына жараша мамиле кыл 3.Баланын кызыгуусуна маани Бер,уга бил,сырдаш 4.Адал жолдо,адал ырыскы Бер 5.Эн негизгиси жоопкерчиликти озуно ал. Мугалимге оодарба. Аллахым буюруп китеп утуп алайын
Менин балдарым да сиздей болсо экен тарбиялуу жакшы Адам экен
Аминь 🤲🤲🤲
Алып барган кызга Аллах раазы болсун жоолук салынып алыптыр жарашыктуу болуп
Нуржигит Кадырбеков илими-билими күчтүү инсан баяндары жагат абдан түшүнүктүү жеткирет
Эмнеге ушул сыяктуу жакшы керектуу маалыматтарды берип жаткан подкасттардан телевидение 📺 алып коргозушпойт?! 😢 Эн керектуу азыркы учурдун темалары!
Альдей каналына чоон рахмааат
Мен сиздерди абдан жакшы кором❤.соонун маек болуптур ,алып баруучу да татынакай кыз экен жолукту ээгинен салынган андан да супсулуу болуп калат ин-шаа-Аллах ❤
Азамат Нүржигит менин неберелери сендей билимдүү илимдүү балдардан болушсун
Жылдыз эже, Нуржигит агай абдан жакшы эфир болду. Эне катары кызымды колумдан келишинче мыкты тарбиялоого дагы да мотивация алдым. Нуржигит агай жакшы маек куруп берди. Ичинен буларды өзүмө белгилеп алдым. 1. 4 кайып тууралуу айтканы. Ырыскы кайып, дидар кайып, нике кайып, ажал кайып. 2. Адал тамак 3. Көп тил билүү жакшы, эне тилин билүү - маанилүү. Тил баръеринен улам муундардын кагылышы п.б. 4. Китептердин тизмеси 5. Нуржигит агайдын себепсиз гүл бергени жакты. Ишиңиздерге ийгилик.
Ии жаным ушунчалык жонокой пендесин❤ Ырахмат маэктерине Окунучтуусу балдарым кантип чонойгонун билбей калдым Иш ,тирилик уй деп журуп😢 Ниет кылып жатам небереме сиз айткандай тарбия ,салымымды кошом деп... Эмнент берсен ошону аласын эн туура 😢.Азыр мен балдарым менен узаак суцлошкум келет ,алар болсо жок ... телефон кызыктуураак.😢
Биз да улуу балабызды Нуржигит Кадырбековдой илимдуу инсан болсун деп Нуржигит деп койгонбуз атын.
Сонун маек болуптур,Нуржигит агайды угуп эле отургун келет.Алып баруучу айым да жонокой,сылык.
Туура эки жуздуу болуп калат, алдап эркелетип тарбиялаш керек потому что мени кучко салып катуу тарбиялашчу
Бул беруунун алып баруучусунан эле ыймандуулукту,сулуулукту Корсо болот,баягы эшигин коруп торуно от дегендей,суйлогону,кийингени жонокой,ушундай Нуржигиттей адамдар менен кобуроок жолуктурсан.
Ооба,мен да кошулам
Аллах сизге 2уул берсин,сизди сыйлайбыз сыымыктанчуу уулдарды тарбияланыз.Менин да 4кызым бар Алладан дуба кылып Улуу Мухаммад пайгамбардын атын коем деп коп дуба кылып Мухаммад деген уул таптым,Альхамдулиллах!
Бизде да уч Кыз Бир уул.Алладан суранып алган балабыз.аты Мухаммад
Бизге да Аллахым уул берсин 🤲🤲🤲🤲эки кызыбыз бар учунчусу бойумда бар
Бала тарбиялоо ар тараптуу, эң маанилүү, керектүү,түгөнбөгөн тема, көп көп чыгарып, айтылып турса жакшы болмок...
Жакшы майек болуптур чон рахмат Аллах разы болсун менин дагы балдарым сиздей акылдуу ыймандуу болсун
Укмуш Нуржигит байке создун уйкаштыгын айтын
Аллах Жараткан Кууданын кудрети колдосун эл катары Аллахдын элчиси Мухаммад алеейкум саалемдун кайталангыз катасыз жашоого дем куч энергия жыйнактары жанга жагымдуу маанайларда кучак жайып китептери жашоого ырахат.тартуулайтСиздерге ыраазычылык билдиребиз Аллахга чексиз мактоолор болсун билимдериниздердин илимдериниздердин оркундой берсин Аллах колдоп эл катары Аллах Жараткан Кууданын кудрети колдосун улгулуу уйбулолордон улгулу жаштардан келечегинер кенен жолунар шыдыр жолдошунар кызыралейкумсалам колдосун эл катары Энсонуг алтынга алмашкыз кеп кенештериниздер жанга таза аруу сезимдерди тартуулагандарыныздар себепкер болгондорунуздар бай сезимдер болду ырахмат ыраазычылык билдиребиз Аллах Жараткан Кууданын кудрети колдосун эл катары Ооомийин ооомийин ооомийин
Кыргызга куйгон аябай куйумдуу инсан .Туура так суйлойт ,мен коп коромун агайдын сабактарын,видеолорун.
Укмуш, Жылдыз эже сизге чоон Рахмат , абдан соонун керектуу маек болду, Нуржигит байке сизге дагы Рахмат 🙏🏻
Кызым России яда окусада улулду билет байкушум каждый каникульда таенесине барып агород баарын билет, эки тилде тушунуп кудайга шугур, Нуржигит агайды ар бир тарбиялуу сабагын интервью баарын жанысын кутуп турам, баарын угам Санкт-Петербургтан чон салам кыргыз элим Нуржигит Агай❤
Соонун беруу болду.Ата энеге сабак болуучудай.
1.Адал тамак 2.мээрим 3.убакыт 4.озунду тарбиялоо 5.дуа
Нуржигит агай мыкты адам. Илгери бизге сабак берчуу риторикадан, баарыбызга ушундай сонун сабак отчу, угуп эле отургун келчуу.
Сонун маек болуптур😍😍😍ушундай көрсөтүүлөр көп болсун дейт элем.Жылдыз айым ийгилик сизге❤❤❤
Бар болунуз мен сыйлаган инсан, сиздей билимдуу инсандар кооп болсун ❤
Алып баруучу адамга козуно карабайт коп байкайм, бул да бир тарбиялуулуктун белгиси болсо керек
Нуржигит сизге таазии балдарыбыз сиздей акылдуу болсун
Нуржигит Кадырбекович! Сиздин ото билимдуу экенинизге дагы бир жолу ынандым! Туура,кийинки муундарыбыз оз тилибизди унутпай сактап, укум-тукумга алып кетуусуно озубуз кана улгу боло алабыз!
Аябай таасирлуу маек,жеткиликтуу суйлоптурсуз агай.
Кандай керемет маек Нуржигит. Акылдуу .билимдуу ыймандуу жигит
Нуржигит агай екоонордун маегинер сонун болду башынан угуп отурдум. Оомин ишине ийгилик