Эрте тургандын этеги алтынга толот
2023 ж. 16 Қаз.
94 856 Рет қаралды
"Эрте тургандын этеги алтынга толот" деген кыргыз макалы мага эң жаккан, мааниси терең макалдардын бири. Бүгүнкү видеомдо мен таңкы ритуалдар, убакытты туура пайдалануу, таңкы тамактануунун орду жана биздин күнүмдүк адаттарыбыз тууралуу маалымат бөлүштүм.
Таңыбыз дайыма ырыскылуу жана берекелүү болсун!
Урматым менен,
Сапаргүл.
Инстаграм баракчама шилтеме- instagram.com/sapargul_abdinabieva?igsh=MzRlODBiNWFlZA== Телеграм каналыма шилтеме- t.me/SapargulAbdinabieva
Эрте тургандын этеги алтынга толот деген сөз менен эрте турууга максат койдум адатка айлантам абдан маанилүү сөз экен,жүрөгүмө жакты❤
Белегин жашоондо белек болсун! Ар дайым журогуно керек болсун! Билим алып,атасындай кыргыз элге, Жана да уй-булоно тирек болсун!🤲🤲
Атактуу атуул болуп кыргызыма, Жана да сизге татыктуу уул болсун. Аллахым озу колдоп бул омурдо🤲, Жан шерик,апасына белек болсун. Ар дайым сыйлап келген Уланды эл, Жакшы корот сизди дагы Белек мн.
Мынча соонун ыр саптары ❤
🙏🙏🙏
Китепти коп окуган, сабаттуу адамдын суйлогону баарыбир башкача болот экен. Рахмат сага Сапаргул!!!
Туура айттыныз ☺️💯
Ооба укканга кадимкидей жагымдуу болот экен
Кызым быйыл 1-класска баргандан баштап ,5те туруп атабыз ,мен турганда баары артыман турушат,кичирээк балдарымды уктай турса экен,тынчтыкта озумо конул буруп алайын дейм,болушпайт.Бирок жакшы адаттарды калыптандырдык.5-7ге чейин жуунуп,таранып,дене конугуулорун жасап танкы тамактануу кылып бутобуз.10го чейин калган каткан уй жумуштарын кылып бутосун.Андан кийин кечке коп убакыт болот.Айтайын дегеним танкы ырыскы,тандын берекеси деген создор бекеринен эмес экенине иш жузундо ынандым.Баардыгыныздарды кун чыкканча турууга чакырам!😊😊
Саламатсызбы, Чынара. Сиздин таасирдүү комментарийиңизди абдан жактырдым, жеке кат жазып коесузбу, сизге китеп белекке берейин дедим эле.❤
@@sapargulnabiсапаргул мага дагы берчи синдим? Сенден белек алгым келет
Саламатсынарбы. Атым Нурзаада. Эртен менен тошокторду жыйуу- Бир ишти бутуруу деген ассоциация бергени жакты. Негизи эле озубуздун кылган бутургон майда болсо дагы иштерибизге конул Бурсак озубузго баабыз которулот. Эртен менен тамактануу керек! Сапаргул айткандарындын баарына кошулам.
Саламатсызбы Сапаргүл ишиңизге ийгилик дсоолук уулуңуз м-н бактылуу болунуз биз сиз м-н сыймыктанабыз суктанчу айым апасыз сиз м-н жолугуп сүйлөшкүм келет сиз сыяктуу айым м-н жакындан тааныш болгум келет
@@sapargulnabi❤😂😂
Эртен менен Намазы жоктун куну берекесиз,кечки намазы жоктун туну берекесиз,5убак намазы жоктун жашоосу берекесиз.,урматтуу мусульман бир туугандар !ушунча билимдуу чон кыз ..илим алышыныз керек Дин илимин !
Мүмкүн түнү туруп тахаджут, эрте менен багымдат намаз окуп жүргөндүр бизге айтпай😊. Жакшы ниетте бололу🎉
Мындай акылдуу айымга акыл айткандан уялыш керек.Кудай менен болгон байланышын копчулуко айта беришпейт коп адамдар мактанып.
Эн туура окуп жургондур алтын кыз
Ушинтип эле акыл айтканды токтоткулачы, дин бул адамдын ички дүйнөсү, адеп-ахлагы, маданияттуу адамдар кудайга кантип сыйынып атканын, ичип-жегенин, үй-бүлөөсү менен мамилени көчөгө жар салбайт.
Ошончо фанат болуштун кереги деле жок го дейм. Кудайга шүгүр.жүрөгүн таза болуп, кылган иштерин адал болсо деле кудайым берекесин берет. Кудайга ниети түз коюп, кудай деп жүргөн жакшы. Кудай өзү буйруганда өзү эле окуйт, урматтуу.
Улан жубай тандоодо эч жанылбаптыр.Акылдуу,мээримдуу ,ар тараптан онуккон билимдуу инсан.
Кыргыздын акылдуу, элге улгу жана энергия бере турган кызы 👍❤️
Эрте таңда эртелетип ойгонуу, Эшик ачып, кыялданып толгонуу. Эринбестен китеп окуп ойлонуу, Эс акылдын ийгиликтүү болжолу. Жараткандын жакшы көргөн жолдору, Жаркын жашоо келечекте болгону. Азаматсыз 🎉🎉🎉
"Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?" Зумар сүрөсү 9-аят. Ошол аятка дагы бир далил. Чынында окуган жана окуганын пайдалуу колдоно билген инсан мыкты деп билем. 🥰 Сизден үлгү алсак арзыйт. Келечегиниз кең болсун 💞
Кыска жана нуска ток этээр маалыматтар менен бөлүшкөнүңүзгө ыраазычылык билдерем. Сөзүңүзгө толук кошуламын. Мен жеке тажрыйбамдан айтсам, эрте турууну эң жагымдуу өнөкөткө айландырып, таңды тосуп алуудан дагы да ырахат ала билүүнү үйрөндүм. Эрте кыйналбай туруу үчүн, маанилүү болгон түнү бирдей убакытта жатып дароо уктап кетүү болду. 21күндүк үзгүлтүксүз аракеттин арты менен жаңы ымыркайымды төрөгөн соң адатка айландырдым. Түнү уктай албай ойго батып же китептин ичине кирип кетчүүмүн. Кызыма бирдей ритуал кылуу максатта өзүм да тарбияландым. Жумушум, окуум баарысы Laptop менен гана болгон го, физикалык чарчоону көздөп, спортту жашоомо коштум. Уктаарда атайын тандалган пианино классика музыкасы менен уктап үйрөндүм. Караңгы кылып уктагандын пайдасы көптүгүн байкадым. Таң эрте менен азыркы убакта дароо жарык кылбай терезеден таңдын атканын кызым экөөбүз сейретебиз. Жаш балага эле эмес жаратылыш кубулушу магада абдан кызык боло баштады. Таң мен үчүн кофенин жыты менен башталчуу, азыр болгону жылуу суу менен гана башталат. Таңкысын бөлмөлөрдү желдетип, эшикке чыгуу көнүмүш адат. Айтоор декрет убакты да эффективдүү пайдаланууда эрте туруу эң маанилүү экендигин айткым келди. 😊
ОН БИР ЖЫЛ БОЛДУ СААТ ЭРТЕН МЕНЕНКИ АЛТЫДА ТУРАМ. АЛЛАХЫМДЫН ЫРЫСКЫСЫНАНГО.
Аябай маанилуу. Озгочо жансын Сапаш!Улгулуусун,мээримдуусун.зээндуусун.Кандай адам тороду экен сендей кызды.Деги суктанып бутпоймун!Аллахым колдосун!❤❤❤
Маша Аллах
Аалах раазы болсун жакшы соз айткандарга
Кандай суудай тунук таза суйлоп жатасыз кыргызча)) ушундай таза суйлошко аракет кылыш керек! Чон ырахмат сизге❤
Кандай кана токтоо, сабырдуу, акыл эстуу айымсыз Белектайыныз менен кайда журбонуздор бар болунуздар ❤
Ассалому алейкум Кыргыз элим...Мен эрте менен турам себеби Жараткандын парзы болгон багымдат намазды окуп.Кузгуну карап бетиме массаж жасайм болгону 7мин убакытынызды алат,не деген менен аял киши айрыкча 35жаштан кийин бетине кам коруу керек...Анан дене бул Кудайдан берилген аманат деп 10мин конугуу жасоо менен анан кунумду баштайм...Келиниздер эрте менен турганда Жаратканга Шугур кылып,озубузду суйуу менен аз омурдо бири-бирибизди тушунуп жашайлы.Баарыныздарды жакшы кором❤❤❤
Сизди коруп, ар бир сөзүңүздү кунт коюп уккум эле келе берет. Сиздей адамдар дуйнодо миңден бир болсо керек же млндон бир 😊 Окууларыңызга ийгилик, ден соолукта болуңуз 🤲
Кудайга шүгүр мындай акылдуу кыздар, айымдар өтө көп кыргызда, баалаш керек. Кыргызымдын айымдары өзгөчө акылдуу баалашат керек, көтөрмөлөш керек. Канчалаган билимдүү кыздарыбыз бар. Мен кыргыз болгонума сыймыктанам👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🌹🌹🌹
Билим бул - Кенч, Булак , Ошол нерсенин отосуно жетуу эн чон талыкпаган эмгек ! Ошол эмгеке озун Гана эмес балакайынды кошо жетелеп жол корсоткон сага жана сени тарбиялаган ата энене таазим Сапаргул мен сенин такай угуучун Москвадан Гулбарчын❤
Кантип ушундай билимдуу, илимдуу болом я🤔 Азаматсыз ийгилик сизге ❤
Айтпа азыр окусам азыр унутуп мээ болбойтат
😂😂😂👍👍👍
Сени ушунчалык сыйлап калдым Жана сабак алып жатам ❤кайда болбо Аман эсен жур ❤
Чоң рахмат сыйыңызга.🌺💚
Ассаламу алайкум чоон ырахмат Аллах ыраазы болсун!Сонун корсотуу болуптур ишинерге ийгилик!Хадистин маанисинде келет"Аллах Таъала ар бир пендесине эртен менен кун чыкканга чейинки убакта эрте танда бир белек берет"-деп.Демек эрте турбаган ошол белектен кур калат, бирок муну оздору сезишпейт!☝️♥️🌸
Аябай чоон тарбия алдым ❤❤❤ Ото соонун кенеш бердин Ыраазымын❤❤❤
Сапаргул азаматсыз, коп пайдалуу кенештерди бердиниз
Мен да эрте турган адамдардын катарындамын. Саат 8ге чейин уйум жыйналуу, танкы тамагым даяр болот. Анан менин адатым уйумду жыйнап иреттемейинче завтрак кылбайм
Кудайым ай анда үйүңүздө бала жок болсо керек да
@@Multik665 3 балам бар
Кыйын экенсин..
Бар бол,уулуңдун маңдайында аман бологой!👍🥰😊
Ээн идеалдуу айымсын , Белектин мээримдуу апасы .
Ассалам алекум эжем сиздин жылайганыныз мага ото жагат.Эн соонун керектуу, пайдалуу ар бир созунуз. Мени танга мал багымдат намазга бироо келип ойготкондой болот. Аллага шугур дагы бир танды коруп турганыма деп. Кузгуну карап Алла мени озгочоо суулу кылып жараткансын.Эмин менин журогумду, адеп ахлакгымдыда суулу кылдеп. Жылмайамын ар бир мучолорумо, жаныма рухма ыраазычылык айтам. Анан жолдошумду карап жылмайып жумушуна узатабыз.Балдарыма карап жылмайып жылмайып кучактап мектепке балабакчага узатабыз.Анткени эн биринчиден кулудум. Журогум нервный системаларыда бир кун кечкечейин жылмайат. Жылмайган бул сунот.Ар бирибиз жылмайып суйуго мээримге толуп жашайылы. Ар биринерди аябай жакшы кором. Озгочо эн суулу жаандарсынар❤❤❤
Иий садан кетейин Сапаргул алтыным рахмат Белек экоон жакшы журосунорбу керемет кенеш Аллахым ыраазы болсун сиздерден
Сапаргул синдим балан Салихалуу эр азамат болсун,Улан Эгизбаев каза болуптур деп укканда,эч бир тааныбасам да денем муздаган.Жакшыны жакшы деп айтканды билиш керек,сенин эфирлерини коруп кандай акылдуу айым дедим.Ар дайым ушундай эфирлерди чыгарып тур.Аллага аманат кылдым...Баланды ооп кой❤❤❤❤❤❤❤
Багымдат намазынын эки ирекет сүнөттү дүйнөнүн баардык жакшылыктарынан жакшы деп Аллах айтып койгон!
Акылдуу,оор басырыктуу,сүйлогөн сөзүн орундуу жакшы кызсын.Белегин өмүрлүү бала болсун.Өзүнө ден соолук каалайм!
Сонун даярдаптырсыз. Эмнени эмне үчүн жасоо керектигин кошо бериптирсиз! Аябай кубанычтамын, илимиңизге Аллах береке берсин! Мыктысыз, үлгү алаарлыксыз!
Мага эң жаккан жери "эрте менен тургандын этеги толот деген жери жакты .Негизи эле университетте философия сабагын өткөндө көп эле темаларды илимий ачылыштарды кыргыздар эки сөз менен эле чечмелеп койгонун көп салыштырып,өзүмчө ойчул берчүүмүн. Эрте турууну мурда колдонуп таштап койгон болчумун .Эми кыш мезгилинде оңой болот деп ишенем.💁♀️Меники намаз жан дүйнө үчүн, китеп акыл үчүн ,үчүнчүсү дене көнүгүүлөрү болот буюрса ❤ .Сизге пайдалуу маалымат үчүн ыраазычылык 🌷🌷🌷
Ооба эрте менен туруп терезени ачуу сүннөт(Пайгамбарыбыз (САВ)дин жашаган жашоосу) азаматсыз жашооңуз берекелүү болсун!!!
Бооже какой приятный человек, впервые наткнулась на этот канал, теперь я подписчик, так зарядила за этот маленький промежуток времени ❤❤❤
«Кто рано встаёт , тому Бог даёт»
Рахмат алтыным сизди жакшы көрүп калдым, мен да англис тили менен алектенген инсанмын. Бир аз англис тилинде суйлоп койунчу уккум келди сизди. Өтө баалуу маалыматтарды алам❤❤❤❤
Сапаргул акылдуу келин ,бакытты бол сени жакшы коробуз.Баландын урмат сыйын коруп жур ,ар дайм.
Эң соонун мотивация болду мен учун!Негизи мен да эрте турган адамдардын катарына кирбейм.Бирок Эртең жумуш дегенде же эртен мененки пландаштырылган иш чарага өз убагынан эрте туруп,шашпай даярданып,шашпай чай ичип,маршруттук таксиге да шашпай тушконду,оз убагында жетип барганды жакшы кором.Кечиктим дегичекти менде поникаа башталат,такыр сабырым жок,анан соссуз маанайым кечке чейин жок журом.Ошол нерсени эстегенде,кой деп эрте турам.Балалыгым кобунчо жайлоодо отту.Ата-энем 4тө эле турат.Папам боз уй жылысын деп бизден жарым саат мурун туруп от жагат,Мамам бизди ойготуп чакаларды которуп алып уй сааганга жонойбуз.Асмандан ай кете элек,карангы эшик,ушуп уйдун жылуу жунуно башымды жолоп алып уй саачумун.4-5ке чейин уй саачубуз 15уй.Анан 5-6га чейин уй айдап келчубуз,элдер ошондо от жагып жаны уйларын саап атканда биз сут тартып отуруп калчубуз.7жарымга чейин чай ичип буттуп,Папам 8де койду жайып кетчу.Мурун тушбоптурмун тандын ырыскысын,эми чонойгондо тушунот экенсин.Эмнеге эрте турушат,уктатып койсо боло дечу элем,Корсо ата-энем эмгекке тарбиялачу тура.Азыркы убакка чейин ата энем ушундай,деги бир 8ге чейин уктаганын коргон жокмун.Кудайым ошолордун омурун узун кылып,ден соолук,куч кубат берсин❤❤
Жаркыраган акылдуу ,тугонгус акыл байлыгы бар кыз экен ! Акактай таза энергиясы бар Молтур булак десем да жарашат ! Уландан калган Белектин апасы , Сапаргуль айым баланыз мн бактылуу болунуздар ! Абдан таасирлендим ! Аллах Таалам сиздерден жакшылыктардан аябасын ! 🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲
Эжеке ар бир маалыматыныз алтынга тете.Мен учурда англис тилин уйронуп жатам.Сизден чет олконун университетине,колледжине отуу учун кайсы программалардан отуу керек,сайттарын,китептер боюнча кенири маалымат алгым келип жургон❤
Эң негизгисиси токтотпой чыгарыңыз сабактарды. Бизге пайдалуу болуп жатат. Бизге билимимибиз жугумдуу болсун, сизге күч кубат!
Эрте менен турганда 2 саат соц тармактарга кирбей ,маанилүү иштерди жасоо мүмкүнчүлүгүн колдонуу сунушунуз аябай жакты.Түрдүү маалыматтар дын натыйжасында жаралган эмоциялар энергиябыздын алып коюшу тууралуу эми билип жатам.Ушул ыкманы мен да колдономун,буюрса.
АНАНАЙЫН АЛТЫН КЫЗ БЕЛЕГИН МЕНЕН БАКТЫЛУУ БОЛ. КУДАЙЫМ КОЛДОСУН. ЖАКШЫЛЫКТАРЫН КОП БОЛСУН. ОЗУН ЭЛДИН КЫЗЫСЫН. КЫРГЫЗ ЭЛИ УЧУН АБА МЕНЕН СУУДАЙ КЕРЕКСИН. АМАН БОЛ.
Кутман тан Сапаргул синдим❤Мен тан эрте саат 5-туруп,терезе ачып тазаа абадан дем алдым. 10-жыл болду Сергек жашоону тандагам. Адатка айланган (привычка) саат 5 те ойгоном. Шашпай жуунуп анан 50-60градус температурадагы сууну ууртап ичем. Жылдын мезгилине жараша кийинип, керемет кооз жерди тандап алгам ошол жерге жетип, башыман бутума чейин конугуулорду жасайм,5-км басуу техникасы менен басып(ходьба) укмуш сонун энергия (кундон,бак дарактардан, чымчыктын сайрашы, тазаа аба)алып кайтам. Келип дагы бир кружка суу ичем. 30-минутада завтрак даярдап отуруп тамактанабыз. Танды тосуп... Жараткан Кудайыма мин мертебе чексиз Шугур кылам. Озумо уй булоомо, туугандарга...эл журтума ден соолук,аманчылык...жакшылыктарды тилек кылам. Мактанчылык эмес...10-жаш жаштыгымды сактап калдым...Сурап калган адамдар да 10-12жашартып беришет. Басып жургондон бери Жаратылыш менен байланышып Илхом келди. Жаратылыштан козумо эмне корунсо,уксам(кок асман,булуттар, чымчыктын сайрашы,баканын сайрашы)ыр саптар келет. Бирок жазып койбойм. Слух менен комуз чертип ырдап уйронуп алдым. Кайсы ыр жагып калса текст жазып алып,комузка салып бир жумада так ырдап калам. Айымдар мен да сиздерге мотивация берип кетейин. Эринбей жылдын кайсы мезгили болбосун(жай,куз,кыш)басыныздар. Химиялык дарылардан арыласынар,ден соолугунар чын болот. Тан эрте турган адамга Кудайым ырыскы чачат...берекесин берет. Кечирип койунуздар том кылып жазып койдум. Сапаргул синдим, видеонду аягына чейин кордум. Сонун мотивация бердин. Уулун экоон бак таалайлуу болгула❤❤❤ Катталып койдум,койгон видеолорунду коруп турам.
Эрте менен туруу эн жакшы Кудайым эрте турган адамга коп ырыскы берет,кунун берекелуу болот
Сапаргул омурунор узун болсун коп жаша ушундай акыл эстуусун алтыным
Эн сонун Сапаш сени жакшы коробуз,ар дайым сени кудайым колдоп журосун.
Саламатсызбы, мен эртен менен эрте турам бирок туруп эле телефон караган адатка айланды, сиздин видеонузду коруп эртен мененки танды туура пайдалунууну ойлонуп жатам… негизи эле сиздин видеолорунарды коруп балдар менен коп маектешууну баштадым. Сиздин ар бир видеонуз пайдасы тийип жатат.. Сизди уккум эле келет кечке… аябай жагымдуу жеткиликтуу суйлойсуз.. Уулунуз менен бар болунуз, аман болунуз…
Кызым,рахмат сага,ооба сендей билимдуу адамдар азыраак,сенин бул сапатын коп жаштарга улгу болот,максаттарын орундалсын,каракулжалык апан
Мен бул "Эрте тургандын этиги алтынга толот" деген макалды биринчи жолу угуп жатам. Эрте туруу аркылуу адам омурун абдан продуктивдуу кыла алаарына ишендим. Сизге сон Рахмат. Мындан кийин мен да эрте турууну адатка айлантам
САПАРГУЛ СУЙЛОО БАЙЛЫГЫН ОТО КУЧТУУ КЫЗЫМ ,БАКТЫЛУУ БОЛ
Кыргызстанда силердей акылдуу, алга жетелеген, ийгиликтуу, билимдуу, иштерман, чечкиндуу, адамдар коп болсун Америка бы кайда болсон уз да жолунар шыдыр жолдошунар кыдыр болсун аман эсен Кыргызстан га насип кылсын АМИИН Сахалин тени салам!!!
Албетте пайдасы тийди Сапаргул айым чоон рахмат сизге!!!! Дагы дагы кутобуз!!!
Сапаргул, чоон рахмат сизге пайдалуу маалымат болду🌹. Эртее менен туруп коп ишти бутурсо болот экен. 👍🤗
мен дагы магия утро деген китепти окуп эрте туруп баштагам бир канча кун туруп китеп окучумун кийин унутулуп калды, бирок 3 жыл дан бери ойумда журчу бугун сизди уккандан кийин кайра баштайын деп атам.
Чындыгында мага абдан керек маалымат болду,рахмаат сизге. Мен дагы озумдун устумдон коп иштеп,туруктуу болгум келет❤
Мен да сизден китеп Белек алгым келет. Учурда балдарымды карап уйдомун Жана пайдалуу адаттарды озумо синирип, балдарыма УлГУ болгум келет
Эн сонун мотивация. Бар бологой🤲💕
Ал сизге болсо ар тараптан ийгилик. Аралыктан кучактап, сүйүп атам ❤
Сизге жана баланызга ийгилик! Койгон пландарынар женил аткарылып, алдыга гана жыла бергиле! Сизди коргон 90% адам озуно мотивация, энергия алат.
Аллахымма чексиз шугурлор жана мактоолор болсун! Сапаргул, создорун ото маанилуу маегине рахмат!Аллахамдуллах биз дайыма намазга турабыз танда ырыскы береке ото кооп. Аллахым колдоп журсун сени.🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲💐
Ото акылдуу айым экен молодцы кызым оркунун осо берсин
Азаматсыз Үлгүлүү инсан деп тааныйбыз
Аллахтын жардамы менен уктум адаш кызым,маа шаа Аллах .Чон ырахмат ,Белегин омурлуу,ыймандуу, эки бактылуулукту насип кылсын Оомийин.
Кыйын экенсин керемет создор рахмат ❤
Абдан жөнөкөй, жалпак тилде сонун маек болуптур. Негизи эле кыргыздын макалдары, азыркы учурдагы мен кыйын деген коучтардын китептеринин, эмне деген тренингдеринин бир сөз менен чечмелениши экен. Мисалга алсак мага Ч.Айтматовдун "Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу" деген фразасы абдан жагат. Мунун артында эмне деген философия жатат. Күнүгө ушул фраза менен күндү баштаганга аракет кылам. Себеби көптөгөн туура эмес ойлордон, туура эмес иштерден коргоп тургансыйт. Чынында эң кыйын, ар бир кырдаалда адам бойдон калуу. Андыктан үйдүн чыга бериш жерине, жумуш ордуңа кагазга жазып чаптап койсо, кадимкидей жүрүм турумду оңдоп түздөп турат.
Сапаргул сенин ар бир берген интервьюларында ютуб каналыны чыдамсыздык менен кутом! Ар бир созун ото маанилуу, журогуму тынчтык алам, жашоо мэмиреп бир окандын ортосунда кайыкта сузуп бараткандай сезилет, раазымын сага,эки дуйно бактылуу бол! Омур токтоп тургандай сезилет!
Эн соонун маалыматтарды. Тооготээр жерлерин гана айттасыз азаматсыз 5 тууру адатты мен да жаныдан ,калыптантып келе жатам. Бактылуу болунуз
Сизди ар дайым кутуп кором жана абдан сыймыктанам,бир эле учурда абдан назик,мээримдуу,боорукер аялзаты,коп коп ийгиликтерди жаратып,биздин кыргыздын кыздарына улгу болуп келесиз, окууларынызга албан ийгиликтерди каалаймын!
Сизди угуп озумо энергия аламын коп коп чыга бериниз❤
Эң соонун .мен балдарымды көп шаштырчумун.Чоң пайда алдым эми эң биринчи баарына өзүм даяр болуп кийин барып балдарымды үгүттөгөнгө аракет кылым иншаа Аллах буюрса
Сиз окуп бутургон китептер ичинен эн сизге жакшы таасир берген китеп кайсы кайсы китептерди сунуштайт элениз окуганга, сиз кучтуусуз сизди аябай баалап угуп баштадым рахмат сизге
Эн сонун суроо. Сапаргул эже созсуз ушул суроого жооп кылып видео чыгарынчы. Кутобуз
Эн туура кенеш аягына чейин уктум унун аябай уккулуктуу экен бактылуу омурлуу бол садаган.
Чоон рахмат,абдан пайдалуу маалыматтар экен!
Азаматсын ылайым баландын,сенин омурунорду узак кылсын аллахым🙏🙏🙏омурунорду уландын омуруно окшотпосун аллахым🙏🙏😡
Сапаргул айым сапарын гүлгө айландырган айым
Сапаргул , сага терен ыраазычылык билдирем, ар дайым эн сонун маалыматтар менен болушуп жатасын, Белек экоонорго бекем ден соолук, бактылуу омур каалайм. Ар дайым эртен менен эрте туруп намаз окуп Аллах Таалага чексиз шугур кылып кун башталат . Аллах Таала ар бир адамга берекесин тан эрте чачыратат , кун чыкканга чейин туруп ыраазычылык билдирсек.
Чыдамсыздык менен Сенин видеолорунду кутом
Саламатсынарбы.Эн сонун кенештер.Силерден улуу болсом да коп жакшы нерсени сенин маектеринден озумо адат кылайын деп аракеттенип жатам.Эртен мененки убакытты туура пайдалануу сунушунду жактырдым жана аракеттен буюрса.Сага ыраазычылык.🙏🙏🙏😘
Сонун маалымат бердин.Мага эн маанилуу маалымат бул ,кечип жатканда бол,тезирээк,бат-баттан болчу деген стресс алып келерин Эми угуп жатам.Бугундон баштап эрте жатып,эрте тургузуп уйротпосом балдарымды.
Азаматсыз! Жагымдуу созунузго ырахмат. Озум эмнеге шыктуумун, эмнени жакшы жазай алам, деген суроого жооп бере албай келем.
Рахмат сизге ,мен да эрте турганды жактырам,,биз кичинебизде атам эрте тургузат эле
Сапаргүл эже, чоң рахмат ар бир видеоңузга❤ Стэнфорддон салам🫶🏼
Мээрим, мени көрүп жатканыңызга абдан кубанычтамын.🥹🫂💚
Экөөбүздүн режим дал келет экен музыка менен ойгонуу эң сонун
Маалымат боюнча; тема жакты анткени мен кеч турамын,эми аракет кыламын эрте турганга!
Бир гана уулуң экөөңө узаак берекелүү өмүр тилейм.
Туура соз эрте турганды бир иш эрте бутот деген чын соз ынадым.
Соонун,мен чыныгда биринда колдонбойм,коруп угуп олтуруп жанны бир жашоомду тузгум келип жатат!китеп мага беринизчи мен эч окубайт экенмин окуп аз аздан болсода жашоого озгортуу киргизгим келет🥰
Рахмат кызым омуруно кетпес долот кенен ырыскы мол жакшылык берсин кудайым балан экоон ду алахым жаман коздон жаман создон балее апаттан сактасын эки дуйно бактылуу болгула эч жамандык корбогуло кызым сенин видиолорунду дайыма кором
Дайымкыдай эн соонун.Белек атасын тартып сергек болсо кк. Мага эрте мн баланы шаштыра бербөө жөнүндө берген маалыматын жанылык болду. Бул нерсе ойлорумдун түпкүрүндө болчу экен бирок бери сууруп чыгып түшүнө албаган экенмин. Анан Белеке өзгөчө көнүл бөлүп убакыт өткөргөнүн суктандырат. Мен да аз-аздан 4кызымдын ар бирине убакыт бөлүп кучактап, сүйлөшүп турууга аракет кылып жатам. Биз билген маалыматтарды деле майдалап дагы да жеткиликтүү кылып айтып бересин. Сөз байлыгына сөз жок. Ошондуктан өзүндүн тажрыйбандан өткөндүн баарын бөлүшө бер. Бизге бир гана пайдалуу болот.🥰
Маалыматыныз аябай таасирдуу болуп,мени шыктандырды буйруса эртенден баштап танды эрте тосуп алып,кунумду маанилуу,берекелуу,пайдалуу откоргонго аракетимди баштайм,дагы да коп нерселерди кутом
Эн соонун❤ акылдуу сөздөр.
Улгулуу айым экенсиз, рахмат сабагынарга ишинде ийгилик болсун биринен бири откон жакшылыктар келсин сизге. Алла ыраазы болсун сизге.
Рахмат сага Сапаргул Мен мындан кийин эрте мн телефон кармабаймын Жок дегенде бир саатка болсо да 😊❤
Сапаргүл сага ден соолук , ийгилик!!!
Биринчиден сиздин үй бүлөңүзгө бакыт кааалайм. Мен азыркы учурда ушул дисциплинаны бир калыпка алып келе албай жаткан кезим. Өзүм 3 жыл болду турмуштун ыргаагына кирип, өзүмдүн мурунку жасап жүргөн адаттарымды жок кылып алгам. Же балдар менен,жумушту бир алып кете албай өзүмдү күнөөлүү сезип, өзүмдү жеген күндөрүмда көп болду. Азыркы учурда эрте менен эрте турууга аракет кылып жүрөм. Кээде цехте иштегендиктен таңкы 4-5 те уктаган күндөр болот. Ошол учурдарда аябай аз уктап бир күнүмдүн мазмуну жоголот. Балдарага жакшылап мээрим бере албай, урушчаак болуп калам. Эми жумушту да таштай албайм. Ошого менин азыркы аракеттим бир гана эрте туруу болуп жатат. Калганын жасаганга менде энергия жок. Кыргызда келин деген нерсе бар эмеспи. Бир эле учурда балдарды караш керек, тамак жасаш керек, үйдөгү башка цехти же сырттан иштеп келип,анан үй бүлө мүчөлөрүнүн маанайына да карашың керек. Ошондуктанбы мен дисциплинаны жакшы кармай албай келем.бирок менин өзүмө жаккан сапатым балдарды китепке жакын кылып тарбия берип жатканым. Канча ишим болсо да күнүнө жок дегенде 30 минут китеп окуп же кагаз бетине сүрөт тартабыз. Ошол учурда ким эмне дебесин ага карабай балдарым менен болом❤
Мага абдан жакты эртең менен ар куну бир убакта турганыңыз. Мен болсо эртең дем алыш дегенде, кечинде кеч жатып, эртеси кечираак турамын. Сиздин бул эфиринизден кийин сөзсүз аракет кыламын деген чечимге келип жатам жана сөзсүз аракет кыламын. Анан мен да кичинекей баламы шаштыра берем кечигип атабыз деп 😔 Буйурса шашпаганга аракет кылып жарым саат эрте турганга аракеттенем 🤲 Сизди сыйлаймын жакшы кором 💐
Сизден китеп алсам эн бактылуу болом 😊
Менде да "МагияУтро"китеби бар. Таңда 5-5.30 да ойгономун. Бир маал Алтынай Хузеиновнанын "Совет профессора" маалыматтарынан же "БН" кенештеринен угам. Акыркы учурларда дээрлик китеп окубай калдым, буга өкүнөм... Сапаргүл, сенин ар бир чыгарган маалыматыңды окуйм, баалайм. Белегиң менен бар бол, алтыным!
Ассалоому Алейкум, мага эрте менен турууну адат кылуу жана пайдалуу иштерге энергияны коротуу, соц тармакты туштон кийин колдонуу ыкмасы жакты. Инша Аллах ушуларды адат кылууга аракет кылам. Сизге ырахмат !!!🎉
Сонун суйлодун,уккулуктуу жана пайдалуу кенеш болду
Сапаргул өмурун узун болсун Биз тойдон кайтык ❤
Аябай пайдалуу маалыматтар болду🤗👍🏻Дагы жаңы видеолоруңузду күтөбүз ❤