Керемет финал 🔥 "Ынтымак" - көк бөрү чемпиону

2021 ж. 20 Нау.
802 Рет қаралды

Көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын жогорку лигасынын финалында эзелки атаандаштар "Достук" менен "Ынтымак" командалары беттешти.
Оюндун биринчи бөлүгүндө "Ынтымактын" чабуулчусу Нуржан Мелисбек уулу эсеп санын ачты. Экинчи салымды Дастан Сагынбек уулу жасап, 2:0 эсеби менен бүттү.
Деген менен экинчи тайм учурунда "Достук" күчтөнүп, Султан Русланов менен Майрамбек Рыспеков удаасы атаандаштарынын тай казанына улак ыргытты. Ошентип эсеп саны 2:2 болуп теңелди.
Чечүүчү делген үчүнчү бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө кайра эле "Достуктун" оюнчусу Бекболсун Алтынбек уулу бир салым жасады. Анын артынан Эрсултан Айдаркан уулу дагы бир улак таштады.
Бирок "Ынтымактын" оюнчулары кайра эки улак салып койду.
Натыйжада 4:4 эсеби менен тең чыгышты. Буга байланыштуу кошумча дагы 10 мүнөт берилди. Бирок мында да эки команда тең улак сала алган жок.
Мындан улам оюндун шарты боюнча буллит дайындалды. Анын жыйынтыгында 6:5 менен "Ынтымак" командасы жеңди.

Пікірлер
  • Алга Кыргызстан!

    @samatappasov3248@samatappasov32483 жыл бұрын
  • Достук барибир женди

    @user-pv5xq2mi3q@user-pv5xq2mi3q3 жыл бұрын
KZhead