Токтобек Асаналиев & Миргүл Асаналиева - Сен менин түшүмсүңбү (Official Video)

2023 ж. 23 Жел.
39 643 Рет қаралды

Премьера песни
Токтобек Асаналиев & Миргүл Асаналиева- Сен менин түшүмсүңбү (Official Audio)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/senmenin
Follow Toktobek Asanaliev:
instagram.com/toktobek_asanal...
facebook.com/profile.php?...
Сен менин түшүмсүңбү
Сөзү: Өмүрбек Дөөлөев
Обону: Атайбек Бөдөшов
Өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
Жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
Недир билбейм түштө бирге жашайсың,
Эске салып күндөрүмдү көрүнгөн.
Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилдиң,
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Издесем да канаттарым кайрылып,
Калсам дагы канча жылдар айрылып.
Түңүлттүрбөй түштө өзүң жомоксуң,
Каркырадай жазда келген кайрылып.
Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганына шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.
Ар бир күн-түн сенден мага гүлдөрбү,
Сага айланып жашай берем күндөрдү.
Санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң,
Сага айланып жашай берем түндөрдү.
Бир ыр болуп кайталанып түбөлүк,
Ойлорума күнү-түнү ширелип.
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.

Пікірлер
  • Баракелде бар болгула, ийгиликтүү чыгармачылык каалайм!

    @user-ub6fo1lv5s@user-ub6fo1lv5s27 күн бұрын
  • Экөө тен мыкты ырчылар ийгилик

    @user-yg6xf7gu1y@user-yg6xf7gu1y4 ай бұрын
  • Уккун келе берет

    @user-ow6vg9lg5z@user-ow6vg9lg5z2 ай бұрын
  • Биринчи 🎉соонун ыр

    @user-hh2rw6un1n@user-hh2rw6un1n4 ай бұрын
KZhead