Кутман Садыбакасов - Толгонуу

2023 ж. 17 Қыр.
8 652 Рет қаралды

#айтыш #акындар #кутмансадыбакасов #internewskg #төкмөакын #билимайтыш#элмирбекиманалиев #аалытуткучев#жеңишбекжумакадыр#айтышкер
Бурганагы буюктурган замандын,
Буктурмасын бузчу ким бар арамдын.
Бул кылымдын оош-кыйышын ал жетса,
Буйдалбастан айтып өтчү жаранмын.
Бул өмүрдөн өтсө кайтып келе албас,
Бук, арманын төккүм келет адамдын.
Чаалыкканда ойлор калат жыйылбай,
Чал кемпирдин баш-аяксыз ырындай.
Чырылдатат кээде турмуш пендени,
Чайга түшүп тызылдаган чымындай.
Чамасы аз өмүр экен кантейин,
Чарт үзүлчү комузумдун кылындай.
Өзүнүкү аз болгондой күнү-түн,
Өзгөнүн да кошо тартат күйүтүн.
Өч алышчу душмандан да жакшылар,
Өчүрө албай жашай берет үмүтүн.
Ким бирөөгө жалган арнайт бир инсан,
Ким бирөөгө айта албаган сүйүүсүн.
Канча күндү бош кетирип койгонмун,
Камоосунда турам азыр ойлордун.
Кайтпачудай кызыгы көп дүйнөдөн,
Кардым тойсо катуу уктап соолгонмун.
Кечээ гана күлүп, ойноп, бир жүргөн,
Элдар достон айрылганда ойгондум.
Азыр коомдо мүнөт сайын бурулуш,
Саат сайын сандап чыгат чуу, уруш.
Башаламан кылат кээде жашоону,
Бала кезден чыкпай калган бугубуз.
Душманына марттык кылган Манастын,
Тууганына кастык кылган муунубуз.
Өзүбүздү түртүп көңүл чөккөнгө,
Өмүр бою өкүнөбүз кеткенге.
Көпөлөктөй айланабыз багытсыз,
Көңүл бөлүп мааниси жок кептерге.
Ордун таппай жашаса да жалгандан,
Орду толгус адамдар бар өткөндө.
Айлана албай кайра кыргыз кыраанга,
Аргасыздан аңчы болдук жылаанга.
Ак тайлактай боздоп турат көкүрөк,
Алапайын таппай калган туманда.
Алтындарым ачалычы көздөрдү,
Аң сезимди байлап албай кумарга.
Оомат берип көкөлөтсүн багыңды,
Орой турмуш сындырбасын шагыңды.
Октой өтүп, тоскоолдуктун көбүнөн,
Оору сыркоо кейитпесин жаныңды.
Орду толгус пендесиңер ар бириң,
Оо замандаш жакшы көрөм баарыңды.

Пікірлер
  • Жараткан жар болсун балам омурлуу бол кыргызымдын сыймыгы

    @user-uw8mj3hh1c@user-uw8mj3hh1c8 ай бұрын
  • Кутман таланттын ташкындай берсин. Эки дуйнодо бактылуу бол!!!

    @user-is2pf5qw3z@user-is2pf5qw3z8 ай бұрын
  • Керемет. Ыр. Аман. Бол

    @user-xj5tw2xt5z@user-xj5tw2xt5z8 ай бұрын
  • Мааниси мыкты экен азаматсын🌹🌹🌹

    @meerimtynymseitova3583@meerimtynymseitova35838 ай бұрын
  • Рахмат Аллах ыраазычылыгы болсун мен да сени жакшы кором кундо УГАМ ырларынды талант тына таасим

    @user-nl6li5if2w@user-nl6li5if2w8 ай бұрын
  • Чыгармачылык ийгилик.ден соолук каалаган максатына жет балам

    @user-vl7bo9sg1u@user-vl7bo9sg1u8 ай бұрын
  • Корбой туруп 👍бастым себеби мындай талант жок аман бол

    @nurzadaormontaeva9583@nurzadaormontaeva95838 ай бұрын
    • Кошулам👍🙌

      @user-sl6lx8ez8l@user-sl6lx8ez8l8 ай бұрын
  • Аман бол жараткан омур берсин балам кереметт ыр

    @user-uw8mj3hh1c@user-uw8mj3hh1cАй бұрын
  • Керемет чыгарма,аябай соон ,талантыныз оркундой берсин

    @kutimoloev4376@kutimoloev43768 ай бұрын
    • Азаматсын Кутман ! Сага кен келечек , дангыр жол ,чексиз бакыт ,ченемсиз илим каалайм .

      @user-kt2fn5es7m@user-kt2fn5es7m8 ай бұрын
  • Көз тийбесин көз тийбесин

    @user-mz3ny1vp7e@user-mz3ny1vp7e8 ай бұрын
  • Ассаламу алейкум Куман талантын ташкындай берсин омурун узун кыргыздын чыган жигиттеринин бири сенсин аман бол

    @user-qq8zk2yj1h@user-qq8zk2yj1h8 ай бұрын
  • Отуп жаткан мезгилдин,элеси коздон отту. Баракелде ийгилик

    @user-sw7sp1rg2u@user-sw7sp1rg2u8 ай бұрын
  • Омурлуу бактылуу бол коз тийбесин

    @RG-rb9kt@RG-rb9kt3 ай бұрын
  • Эн мыкты чыгарма👍👍👍

    @mukashov_j2010@mukashov_j20108 ай бұрын
  • Айланайын сен ойлогонду базарчы башчыларыбыз ойлонсо гана уккулачы элим

    @user-uw8mj3hh1c@user-uw8mj3hh1c8 ай бұрын
  • Унун сонун талантына таазим.

    @user-fk3iy2sr8b@user-fk3iy2sr8b8 ай бұрын
  • Төгөрөгү төп келишкен акыным. Калк ичине жакыным. 0:44 0:44 0:44 0:44

    @kyrgyz77777@kyrgyz777778 ай бұрын
  • Керемет чыгарма! Азамат Кутман балам! Бар бол, онорун оркундой берсин!👍👍👍

    @Shanyl_Kozhobekova@Shanyl_Kozhobekova8 ай бұрын
  • Онорунуз оркундой берсин байке 💫👏

    @diaibekova_28@diaibekova_288 ай бұрын
  • Аман бол Талант деп ушуну айт журоко жеткире ырдайт ырлары ото керемет

    @user-wv9qf9en3c@user-wv9qf9en3c8 ай бұрын
  • Аман бол,коз тийбесин,ийгилик❤❤❤❤❤

    @user-hz5yy8yy6x@user-hz5yy8yy6x8 ай бұрын
  • Керемет үн, ырчы деп ушуну айтса болот. 🎉

    @user-hy1fq8fy6j@user-hy1fq8fy6j8 ай бұрын
  • Бар бол залкарым

    @meerbolotmyrzabekov9477@meerbolotmyrzabekov94777 ай бұрын
  • 👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻

    @symbatseidildaeva3978@symbatseidildaeva39788 ай бұрын
  • 🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥

    @symbatseidildaeva3978@symbatseidildaeva39788 ай бұрын
  • 👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻

    @symbatseidildaeva3978@symbatseidildaeva39788 ай бұрын
  • Коз тийбесин соз тийбесин

    @nurzadaormontaeva9583@nurzadaormontaeva95838 ай бұрын
  • Залкар агам🔥🔥ото мыкты 👏

    @arzymatkubanychbekov4599@arzymatkubanychbekov45998 ай бұрын
  • Керемет

    @RG-rb9kt@RG-rb9kt3 ай бұрын
    • Азамат

      @RG-rb9kt@RG-rb9kt3 ай бұрын
  • Төгөрөгү төп келишкен акыным. Калк ичине жакыным.

    @kyrgyz77777@kyrgyz777778 ай бұрын
  • Алтыным….. АЛГА!!!

    @nurgulaitpasova592@nurgulaitpasova5928 ай бұрын
  • Кудайым озу колдосун🤲🤲🤲

    @burul7499@burul74998 ай бұрын
  • Эң сонун!Адамды ойго салган чыгарма,артына бир кылчайып, өткөндөрдү эстеп ойлонткон ыр.Азаматсын!!!

    @user-fc3wt2ki2k@user-fc3wt2ki2k8 ай бұрын
  • Машшалла

    @user-ud9hw2bg7m@user-ud9hw2bg7m4 ай бұрын
  • Маа шаа Аллах! 🎉🎉🎉

    @dosya09@dosya098 ай бұрын
  • Концерт кутобуз чыдамсыздык м-н

    @RG-rb9kt@RG-rb9kt3 ай бұрын
  • Маладес

    @user-li2yv8fl5x@user-li2yv8fl5x8 ай бұрын
  • Өмүрүңүз узун болсун!, талантың ташкындай берсин,...

    @user-tf6gu4rb8p@user-tf6gu4rb8p8 ай бұрын
  • 👍👍👍

    @user-dc5wp7ur6c@user-dc5wp7ur6c8 ай бұрын
  • Раймалынын эки сап ыры эстен кеткис болду, толугун каяктан уксак болот?

    @user-hy1fq8fy6j@user-hy1fq8fy6j8 ай бұрын
  • 👋👋👋👍👍👍👍

    @shatmansadybakasov@shatmansadybakasov8 ай бұрын
  • 👍👍👍👍

    @shatmansadybakasov@shatmansadybakasov8 ай бұрын
  • 😍😍😍😍😍

    @Yryskeldi_Kalybek_uulu@Yryskeldi_Kalybek_uulu8 ай бұрын
  • Соонун онорунуз оркундой берсин 👍🏻👍🏻👍🏻. Аллахым колдосун !

    @nargizasultanova2413@nargizasultanova24138 ай бұрын
KZhead